Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Жалалабад облусунун маданият кызматкерлери Кытай Эл республикасында


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облусунун маданият кызматкерлери Кытай Республикасында жүрүшөт. Кытайлык Кызылсуу кыргыз автономия облусунун чакыруусу менен Артык шаарына кетишкен Жалалабад облусунун өнөр адамдары дубанга кайтып келише элек. Алар 60 жылдыгын күзүндө белгилер Кызылсуу кыргыз автономия облусунун шайырларына концерттик программаларды түзүүнүн, улуттук аспаптарда ойноонун, ыр-күүлөрдү аткаруунун чебер ыкмаларын үйрөтүшүүдө. 12-августта мындай маалымат облустук бийликтен алынды, ага ылайык Кыргызстандык өнөрпоздордун жол киресин облус каржылады. Маданий делегациянын курамында республиканын эмгек сиңирген артисти Арзыбек Бедияровдун "Гүлгүнжаш", облустук филармониянын "Азадабегим" эстрадалык топтору да бар.

XS
SM
MD
LG