Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:39

Мурастарды сактоого кадам


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте ЮНЕСКОнун “Аалам мурастары” программасынын алкагында эки күнгө белгиленген семинар өз ишин баштады. Семинарга Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстандын китепкана, архив кызматкерлери катышууда. Семинардын негизги максаты, Борборазиядагы китепкана, музей, архивдердеги баалуу документтердин, сейрек кездешүүчү китептердин жана даректүү мурастардын эскирип, колдонууга жарабай калуу коркунучунан алдын ала сактап калуу. Ошондой эле талапка ылайык жаңы технологияларды колдонуп, мурастарды электрондук түрдө көчүрүп, нускасын көбөйтүп, окурмандардын кенен аудиториясына жайылтуу иш чарасын көздөйт. Семинарда тренинг, усулдук окуулар, тажрыйба жана маалымат алмашуулар жүргүзүлүүдө.
“Аалам мурастары” деген аталыштагы программа 1992-жылы ЮНЕСКО тарабынан иштелип чыккан.

XS
SM
MD
LG