Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:20

Жаш банкирлер үчүн жаңы китеп чыкты


БИШКЕК. Кыргызстанда «Коммерциялык банктардын ишмердүүлүгүн талдоо» деп аталган китеп жарык көрдү. Экономист студенттерге арналган бул китеп банк системасынын азыркы учурдагы өнүгүү өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен даярдалды. Бул банк ишмердүүлүгү менен бухгалтериялык талдоонун байланышы окутулбай келаткан кыргызстандык студенттерге олуттуу жардам берет. Мындай маалымат бүгүн «Акипресс» агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында кабарланды. Окуу китепти чыгарууга Улуттук Банк, Бакай-Банк, Банк Азия банктарынын башкармалыктары, Кыргыз-Славян университети колдоо көрсөтүп, «Евразия» фонду 5 миң доллар бөлгөн. Китеп, 400 нускада чыгарылып, Кыргызстандагы 27 окуу жайдын китепканаларына таратылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG