Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:08

Бишкекте жергиликтүү шайлоого камылга башталды


БИШКЕК. 10-октябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештерге шайлоого карата Бишкек шаарында 187 аймактык шайлоо участоктору ачылат. Ал шайлоо участоктору шайлоого 30 күн калганда ишке киришет. Бул тууралуу шаардык шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясынын төрагасы Алексей Тергалинский билдирди. Анын айтымында шаардык кеңешке 44 депутат шайланат. Шайлоого 361 миңден ашуун шаардыктар катышып, анын жүрүшүнө 33 партиянын өкүлдөрү көзөмөлдүк кылат.
17-августа шаардык кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүү боюнча уюштуруу иштери талкууланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG