Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Ишкер Алкановдон акча өндүргөндөр кармалышты


БИШКЕК. Кыргызстандык белгилүү ишкер Райхан Алкановду коркутуу жолу менен акча өндүргөн адамдар кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин кылмыш издөө боюнча башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Жамбул Жаңыбаев бүгүн билдирди. Бир ай чамалаш мурда Райхан Алкановду маска кийген белгисиз адамдар алдоо жолу менен бейтааныш үйгө ээрчитип барып камап, күч колдонуу аркылуу 3,5 миң доллар акча өндүрүп алышкан. Бул үчүн алар Алкановго өздөрүн интервью алуу максатын көздөгөн журналист катары тааныштырышкан. Каалаганы аткарылган соң, белгисиз адамдар ишкердин «Ниссан-Портфайндер» автоунаасын айдап кетишкен. Кийинчерээк бул автоунаа кароосуз турган жеринен табылып, ээсине кайтарылган Кылмышты жасагандыгынан шектүү катары ички иштер министрлиги 30 жашка чамалап калган, эч жерде иштебеген эки жигитти кармап, далилдөөчү маалыматтар менен бирге ишин сотко өткөрдү.

XS
SM
MD
LG