Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:29

Бангладештиктерге документ жасагандардын арасында кыргызстандыктар жок


БИШКЕК. Кыргызстанда кармалып турган Бангладештик мыйзамсыз 32 мигранттын аракеттерине кол кабыш кылгандардын арасында кыргызстандыктар жок. Мындай маалыматты коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармасынын орун басары Юрий Погиба бүгүн өткөрүлгөн брифингде билдирди. Ал эми атын атоону каалабаган тараптын божомолуна караганда, тигил же бул мамлекетте мыйзамдуу жашап, жагдайды толук изилдеп, билген чет өлкөлүк жарандар транзиттик мыйзамсыз сапарды жабдып бериши ыктымал.
Маалымат жыйынында белгиленгенге караганда, бангладештик 32 мигрант Кыргызстанга 7-августта келип, 9-августта Бишкек шаарынан жана Чүй облусунун аймагынан кармалышкан. Аларда чет өлкөдө жасалган жасалма документтен башка буюм табылган эмес. Россия аркылуу Европа мамлекеттерине өтүү максатын көздөгөн мигранттар Кыргызстанга кайсы жол менен келгендиги толук аныктала элек. Адистин айтымында, бангладештиктер Ооганстан, Пакистан же Тажикстан аркылуу келиши ыктымал. Мигранттар мекенине жакынкы аралыкта депортацияланат. Ага чейин булардын кылмыштуу топторго, террорчул уюмдарга тийиштиги бар же жок экендиги текшерилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG