Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Ырасмий Тбилиси Батыш жардамына муктаж


Грузин бийлиги эл аралык коомчулукту Түштүк Осетия чатагын чечүүгө катышууга чакырды. Грузия премьер- министри Зураб Жваниянын айтымында, грузин президенти АКШ жана башка бир катар Батыш өлкөлөр менен бул жаатта сүйлөшүүгө даяр.

- Биз бүгүн Грузиянын бардык шериктерине жана досторуна, ошондой эле чоң кан төгүүнү каалабаган башка күчтөргө да кайрылабыз. Сүйлөшүү жолу аркылуу Түштүк Осетиядагы жаңжалды жөнгө салууга эл аралык коомчулук салым кошоруна ишенебиз, - дейт Грузиянын өкмөт башчысы.

Түштүк Осетиядагы атышууда үч грузин жоокер набыт кеткени белгилүү. Цхинвали билдиргенге караганда, алгач грузиндер ок чыгарып, ал атышууда 17 аскер жарадар болду. Ырасмий Вашингтон кечээ Орусия менен Грузияны Түштүк Осетиядагы чатакты жөнгө салууда кызматташууга чакырды. АКШ бийлиги Түштүк Осетия боюнча атайын түзүлгөн эл аралык комиссиянын тез арада чогулуу зарылдыгын баса белгилейт.

XS
SM
MD
LG