Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Жетим балдар үчүн эс алуу жайы ачылды


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад обласынын Көкжаңгак шаарында жетим балдар үчүн эс алуу жайы ачылды. 120 орунду эс алуу жайына облустун Базаркоргон, Ноокен, Көкжаңгак, Жалалабад шаарларынан келишкен багар-көрөрүнөн ажыраган 40 бала жайгашты. Кароосуз турган имаратты "Тынчтык" корпусунун жана шаар бийлигинин жардамы менен "Сарыкол" аттуу бейөкмөттүк уюмунун мүчөлөрү оңдошкон. Уюмдун эс алуу жайына жазган долбоорун АКШнын Кыргызстандагы элчилиги колдоду. Ачылыш аземине элчиликтин өкүлү Назгүл Токтосунова менен Бишкектеги Кыргыз-америка университетинин профессору Билл Мокрей катышты.

XS
SM
MD
LG