Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Президент «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзамга кол койду


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» мыйзам долбооруна кол койду. Аталган мыйзамга ылайык өлкөдө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүү максатында Кыргыз республикасынын кызмат иштери боюнча агенттиги жана агенттиктин жетектөөчү органы катары кеңеш түзүлөт. Кеңешке мамлекет башчысы төрагалык кылат. Кеңештин курамына мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот органдарынан өкүлдөр кирет. Ал эми агенттиктин башчысы кеңештин сунушу менен мамлекет башчысы тарабынан дайындалып, кызматтан алынат. Ошондой эле бул мыйзамга ылайык өлкөдөгү бардык министрликтерде, комитеттерде мамлекеттик катчылык кызматы уюштурулат.

XS
SM
MD
LG