Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:39

Бүгүн Бишкекке Кытайдын Шиңжан аскер округунун колбашчысынын орунбасары Лю Юн баштаган аскердик делегация иш сапары менен келди. Делегация мүчөлөрү Кыргызстандын Коргоо министри менен жолугушуп, Борбор Азиядагы аскерий-саясий жагдай тууралуу пикир алышты. Кытайлык аскерий делегация Кыргызстандын чекара, Улуттук гвардия жетекчилиги менен жолугушмакчы.

Кыргызстандын Коргоо министринин орунбасары Асылбек Ормокоевдин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы достук кызматташтык 1992-жылдан тарта ийгиликтүү өнүгүп келатат. Ортодогу ымала 1996-жылы Шаңхай бешилтигин түзүү жөнүндө көп тараптуу келишимге кол коюлгандан кийин ыраттуу өнүгүү тилкесине кирди.

- Кытайдын элдик-боштондук армиясы 1999 - 2000-жылдары бизге азык-түлүк, оорукту камсыздоо жагынан чоң жардам бергенин эч качан унутпайбыз. Террорчулукка каршы күрөшүү милдетин аныктоо аскерий кызматташуунун жаңы этапка киргенин белгиледи. Бизде өнөктөштөрдүн биргелешип аракет көрүүсүнүн алгачкы тажрыйбасы Шаңхай кызматташуу уюмунун чегинде пайда болду. Билесиздер, өткөн жылы Бештам текшерүү-өткөрүү пунктунда биргелешкен машыгуу өттү. Андан соң биргелешип аракеттенүү боюнча Казакстан менен Кытайдын аймагында биргелешкен машыгуу болду, - деп айтты Асылбек Ормокоев.

Кытайдын Шиңжан аскер округунун колбашчысынын орунбасары, генерал-майор Лю Юн Кыргызстан менен Кытайдын аскерлери террорчулукка каршы биргелешип күрөшүүнүн жолдорун үйрөнүп, чогуу-чаран аракет көрүүнүн ыкмаларын өздөштүрүп жатканын жогору баалай турганын билдирди.

- Кытай аскерлери алгач ирет кыргызстандык жоокерлер менен террорчулукка каршы күрөшүү үчүн биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүштү. 2003-жылы Шаңхай кызматташуу уюмунун чегинде террорчулукка каршы күрөшүүнүн жолдорун чогуу үйрөндүк. Атайын аскерлердин бир подразделениеси Кытай жеринде машыгууга катышты. Антитеррордук аскердик машыгууларга мен колбашчы катары катыштым. Андагы кыргыз жоокерлеринин мыкты даярдыгы мага жакшы таасир калтырды, - деди генерал-майор Лю Юн.

Кытайлык аскер жетекчилеринен куралган делегация башта белгиленген иш-чараларга ылайык аскерий-саясий жагдай менен жеринен таанышуу максатында келген. Эки өлкөнүн ортосундагы аскерий-техникалык кызматташтык, Кыргызстандын Коргоо министрлиги маалымдагандай, Кытайдын элдик-боштондук армиясынын кыргыз аскерлерине материалдык-техникалык көмөк көрсөтүүсү, керектүү буюм-тайымдар менен жабдып туруусуна негизделген. Өткөн жылы Кытай Кыргызстандын Коргоо министрлигине 10 миллион юан өлчөмүндө жардам берүүгө макул болгон.

Кыргызстандын Коргоо министрлигинин пресс-кызмат жетекчисинин орунбасары Мурат Ашырбековдун ырасташынча, кыйталык аскер делегациялары Кыргызстанга тез-тез келип турушат.

- Кытайдын Шиңжан аскер округунун аскер делегациялары бизде тез-тез болуп турушат. Кайталап айтып коеюн, делегация таанышуу максатында келди, - деп айтты Мурат Ашырбеков.

Кытайдын Шиңжан аскер округунун аскер делегациясынын иш сапары 17-августка чейин созулат, аскер жетекчилери Ысыккөлдө да болушат.
XS
SM
MD
LG