Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

13-август күнү Сокулук райондук соту тарабынан 19-түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Феликс Куловдун арызы каралды. Сот ушул 19-түрмөнүн өзүндө, жабык эшик артында өттү. Ишти караган Сокулук районунун соту Бекешов Куловдун арызы канааттандырууга жатпайт деп тапты.

«Ар-Намыс» партиясынын 19-түрмөдө отурган жетекчиси Феликс Куловдун мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу учуру келип жеткендигин айтып кабарлаган кайрылуусуна аталган түрмөнүн жетекчилиги мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу мезгили келерки 2005-жылы, ноябрь айында болот деп чечим чыгарып берген болчу. Бирок Феликс Кулов бул чечим менен макул болбой Сокулук райондук сотуна мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу учурун тактап берүүсүн өтүнүп, арыз менен кайрылган. 13-август күнү Сокулук райондук соту 19-түрмөдө бул арыз боюнча ишти карады. Күн мурунтан коомчулукка ачык сот болору тууралуу айтылганы менен сотко Куловдун жактоочусу Любовь Ивановадан башка эч ким, Куловдун жакындары да киргизилген жок. Ошондой эле эл аралык байкоочуларга, элчиликтерден келишкен өкүлдөргө да эшик жабык болду. Кыргызстан акыйкатчысынын аппарат жетекчиси Каныбек Эргешовдун айтымында, акыйкатчынын өкүлү да сотко кирүү укугунан ажыратылган:

- Мен алгач эшиктен акыйкатчынын өкүлү катары укугум менен киргем. Бирок түрмөнүн жетекчиси Тимур Маматов жогору жактан кат же башка уруксат кагаз келсе гана кирүүгө болот деп, кайра чыгарып жиберди. Айта кетүүчү нерсе, түрмөгө кирүүгө Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлерине упуксат бар экен да, Акыйкатчынын өкүлүнө уруксат жок экен.


Сотко катышууну көздөп, Куловдун жакындары жана «Ар-Намыс» партиясынын мүчөлөрү келишти. Феликс Куловдун келини Анара Кулованын сөзү боюнча, сотко келе жатышкан элди жолдон милиция кызматкерлери тосуп, түрмө тарапка баруусуна тоскоолдук кылышкан:

- Жолдо келе жатып, түрмө тарапка бурулганда эле милиция кызматкерлери биз келе жаткан автобусту токтотуп, айдоочунун күбөлүгүн алып коюшту. Түрмөгө сотко баратканыбызды угушканда «өткөрбөйбүз, жогору жактан ушундай буйрук болгон» деп ачык эле айтып, эки саат кармашты. Анан жарымыбыз жөө келдик, бир-эки чакырым жерди басып. Калганы милиция кызматкерлеринин көзөмөлү алдында келишти, - дейт Анара Кулова.

Сот иши аяктагандан кийин Феликс Куловдун жактоочусу Любовь Ивановага кайрылдык. Анын айтымында Сокулук райондук соту Куловдун арызын канааттандырган эмес:

- Сот Куловду 2001-жылдын 26-июлунан бери отуруп келе жатат деп эсептеди. Ал эми 2000-жылдын 22-мартынан 2001-жылдын 22-январынан чейинки отурган убагы кимге жазылганы белгисиз. Ошондуктан Феликс Куловдун арызы канааттандырылган жок. Сокулук райондук сотунун судьясы Бекешов мырза Феликс Куловду 2005-жылы ноябрь айында гана мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулат деп санаган өкүмүн чыгарды.

Адвокат Любовь Иванованын айтуусунда 2001-жылы аскердик сот тарабынан чыгарылган сот өкүмү Куловдун ишинде тиркелген эмес. Любовь Иванова Жогорку сотко аппеляциялык арыз менен кайрылаарын билдирди:

- Эми биз Сокулук райондук сотунун чечимин жокко чыгарып берүүсүн өтүнүп, Кыргыз республикасынын Жогорку сотуна кайрылабыз. Азырынча мындан башка айтар сөзүбүз жок.

Ушундай эле сөздү түрмөнүн темир тор дарбазасынын алдына келген Феликс Кулов да айтты:

- Эми Жогорку сотко кайрылабыз. Ушул жылдын сентябрь айында чыгышым мүмкүн, буга менин көзүм жетет.


«АР-Намыс» партиясынын жетекчиси Феликс Куловдун соттук ишинен 2001-жылы аскердик сот тарабынан чыгарылган өкүм жоголуп кеткен. «Ар-Намыс» партиясы муну Куловдун ушул жылдын август айында мөөнөтүнөн мурда шарттуу боштондукка чыгуусун кечиктирүү үчүн бийлик тарабынан атайылап жасалган иш деп белгилеген. Партия жетекчиснин орун басары Эмил Алиевдин айтымында бүгүнкү сот бийликтин буйругун аткарды.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG