Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:03

АФРИКАЛЫК СТУДЕНТТИ ТҮРҮ СУУК ДЕП ӨЛТҮРҮП КЕТКЕН ОРУС УЛУТЧУЛ УЛАНДАР ҮСТҮНӨН СОТ ИШИ БАШТАЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Бейшемби күнү Воронежде облустук сот Гвинея-Бисаулук студент Амару Лиманы өлтүрүп кеткен орус уландардын үстүнөн өз ишин баштады. Анализчилер муну улуттар ортосундагы бирин-бири басмарлоодон улам келип чыккан киши өлтүрүү катары баалоодо. Ошондон улам бул Орусияда биринчи жолу каралып аткан мындай иш дешүүдө. Африкалык студент өлтүрүлгөндөн кийин Воронежде прокуратура териштирип чыгып дагы 30дай кылмыш иши козголгону маалым болгон.

Воронеж калаасында, обулустук сот, жергиликтүү улутчул орус уландар өлтүрүп кеткен африкалык студент Амару Лима иши боюнча тергөө ишин баштады. Гвинея-Бисаудан келип окуп аткан Лиманы - үстүдө жылы 21 февраль күнү Мира көчөчүндө келаткан жеринен таламалдын тал түштө воронеждик орус уландар бычактап кетишкен. Ал окуган университете чет элдик студенттер нааразылыгы бир аптадай басылбай атып араң басылган. Ошондо Кремль жергиликтүү бийликке көргөзмө берип башталган сот иши азыр ачылып олтурат. Африкалык студентти мерт кылгандар: юридикалык коллежде окуган Владимир Кукушкин, жүк ташуучу жумушчулар: Роман Леденев менен Евгений Шишлов болуп чыгышкан. Иликтөө маалында Леденев менен Шишлов воронеждик РНЕ (орусиянын улуттук биримдиги – ММ) партияснын кайраткер мүчөлөрү болушканы такталган. Бул ишти иликтөөгө алып аткан прокурор Галина Горшкова айтканга караганда:

- (Алардын үйлөрүн тинткен кезде – ММ) табылган кагаздарда ак жана кара түстөгү кишилер ортосундагы мамилеге карата алардын көз караштары жазылыптыр.

Үстүдө жылы адам укугун коргоочулар уюмунун Маскөөдөгү бюросуна 1500 киши, аларды милиция, мамлекеттик органдар улутуна карап куугунтукка алды деген доо менен кайрылышкан. “Азаттыктын” кабарчысы Елена Фанайлова айтканга караганда:

- Быйылкы жыл ичинде Башкы прокуратура улуттар арасында араздашуу айынан пайда болгон 72 ишти тергөөгө жиберген. Бирок сот өкүмүнө дейре жеткени 11 иш болгон, - деди.

Кызык жери, куугунтук адам укуктарын коргогон уюмдарга да жүргүзүлөт экен. Ал туурасында адам укуктарын коргоо боюнча Маскөө бюросунун деректири Александр Брод айтты:

- Биздин Воронеждеги өкүлүбүз Алексей Козловду жергиликтүү чачын тысырайта алдыргандар токмоктоп кетишти, Орелдогу өкүлүбүздү, Краснодардагы өкүлүбүздү жергиликтүү бийлик кордоонун үстүндө. Ал эми кесиптешибиз Николай Гиренкону өлтүрүп кетишти.

90-жылдын ортосунда пайда болгон «Орусия – орустар үчүн» ураанын, азыркы тушта, сурамжылоо жүргүзгөндөр эсебинде, өлкөдө титулдук улуттун 53 пайызы колдоого алган. Ошондон улам Орусияда азыркы тушта расмий түрдө каттоодон өткөн 50 миң чачын алдырган – башкача айтканда ант берип, ал уюмга ыктыяры менен өткөн улутчул улан бар экенин анализчилер белгилешет. Аларды канант куйрук кылып пайдалануу партиялар менен кыймылдар арасында өнөкөт экенин айтышат. Маселен, түсүнө карап мамиле кылууга, өзүнө окшобогон улуттан обу жок жерден коркууга жана жөөттөрдү куугунтуктоого каршы күрөшүү кампаниясынын юридикалык деректири Владимир Новицкий:


- Андай улутчул топтордун көбү ЛДПР, “Родина” жана башка саясий түзүлүштөр менен кыйыр түңүдө, а көп учурда түздөн түз бирге аракет жазап атышат, - деди.

Андан аркы кебинде Новицкий мырза, азыркы тушта Орусиянын сот системасы этникалык куугунтуктоо боюнча иш алып барууга даяр эмес экенин далилдеп кетти.

Воронежде сот иши уланууда. Ал калаадан келген аңыртка караганда, прокурор африкалык студентти өлтүргөн орус уландарына өмүрүнүн акырына дейре абакта калуу өкүмүн сурайт экен дешүүдө.
XS
SM
MD
LG