Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

КАНТИП ИШКЕРЛИК КЫЛУУ КЕРЕК?» <br> 3-берүү «ИШКЕР - БУЛ ИШКАНА»


Сапар Орозбаков, Бишкек Бышып-жетилип иш баштайм деген чечимге келсеңиз, ишкерлик жүргүзүүнүн сизге ылайыктуу юридикалык формасын тандап, каттоодон өтүшүңүз керек. Кыргызстандын мыйзамдары ар кандай юридикалык макам менен - жеке ишкер, толук шериктештик, командиттик шериктештик, жоопкечилиги чектелген коом, кошумча жоопкерчиликтүү коом, ачык акционердик коом, жабык акционердик коом жана кооператив болуп иштөөгө мүмкүнчүлүк берет. Булардын бирин тандап алуу үчүн алардын өзгөчүлүктөрүн билүү зарыл.

Практикада аны жакшы билбей туруп, тиги же бул юридикалык формада каттоодон өтүп алып, кийин ал форма өзүнө туура келбесин түшүнүп, кайра өзгөрткөндөр көп кездешет. Аталган юридикалык формалар эмнеси менен айырмаланат?

Адыл Эстебесов, Юстиция министрлингинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары:
Толук шериктештик - бул уюштуруучулары өзүнүн бүт үй-мүлкү менен жоопкерчилигин алган коом. Бирөөгө карыз болуп кала турган болсо, кредиторлору шериктештикке кирген адамдардын каражаттарын, үй-мүлкүн жана башка менчигин сот менен алып коюшу мүмкүн. Жеке ишкерлик деген формасы деле ошондой. Айырмасы - жеке ишкерликти бир эле адам түзүп жалгыз башкарса, толук шериктештикте аны бир нече адам – эки же андан көп адам биригип түзүшүп, чогуу башкарат, жоопкерчилигин чогуу тартышат.

Ал эми командиттик шериктештикте бүт үй-мүлкү менен жооп берген толук шериктердин арасында үлүш менен кирген командиттер болушат. Командиттер ошол киргизген үлүштөрүнүн чегинде гана жооп беришет. Бирдеме болсо ошол үлүшүнөн гана ажырашат. Жоопкерчилиги чектелген коом болсо булардан башкачараак. Бул жерде бир нече адам биригип, уставдык капиталга пай киргизишет. Алар ошол киргизген пайдын чегинде гана кредиторлор алдында жооптуу. Алар жеке ишкерлердей жана толук шериктердей үй-мүлкү менен жооп беришпейт. Ошондуктан алар жоопкерчилиги чектелген коомдор деп аталышат.

Акционердик коом болсо уставдык капиталга акция чыгарышат. Акция баалуу кагаз болуп, сатыкка чыгарылат. Акционердик коом ачык жана жабык болуп бөлүнөт. Ачык акционердик коомдун акциясы каалаган кишилердин баарына сатыла берет. Жабыктар болсо аны уюштуруучулардын арасында гана тарата алышат.


Ишканалардын юридикалык формалары алардын кредиторлор алдында жоопкерчилигинен тышкары уставдык капиталды түзүү, ишкананы башкаруу, тапкан пайданы бөлүштүрүү, салык төлөө өзгөчөлүктөрү менен да бири биринен айырмаланат. Ишкерлер тиги же бу юридикалык форманы тандап алар алдында өзүнүн алгачкы капиталынын өлчөмүн, баштайм деген ишинин түрүн, мыйзамдар берген салык боюнча жеңилдиктерди, түзүүчүлөрдүн санын, алардын ой-пикирин жана башка көптөгөн факторлорду эске алышы керек. Чет өлкөлөрдө жаңыдан иш баштагандар адатта жеке ишкер, толук шериктештик жана жоопкерчилиги чектелген коомду тандап алышат. Булар бүткүл дүйнө жүзүндө кеңири тараган юридикалык формалар болуп эсептелишет. Кыргызстанда болсо абал бир аз башкараак.

Быйылкы жылдын 1-июнуна карата Юстиция министрлигинен 14127 коммерциялык юридикалык жак каттоодон өткөн. Алардын басымдуу көпчүлүгүн жоопкерчилиги чектелген коомдор түзөт. Алардын саны 12574. Кошумча жоопкерчиликтүү коомдор 92. Ачык акционердик коомдор болсо 870. Жабык акционердик коом 307. Юстиция министрлигинен 4 толук шериктештик, 2 командиттик шериктештик каттоодон өткөн.
Улуттук статистикалык комитеттен каттоодон өткөн жеке ишкерлер 135 миңге жакын. Андан тышкары 250 миңден ашуун дыйкан чарба бар.


Келтирилген маалыматтан көрүнүп тургандай Кыргызстанда ишкерлердин басымдуу көпчүлүгү жеке ишкерлер. Жаңыдан иш баштагандар адатта жеке ишкер деген макамдан иш башташат. Жеке ишкердин башка юридикалык формалардан артыкчылыгы – анын каттоодон өтүүсүнүн жеңилдиги, салыкты аз төлөшү. Бул чакан акча менен иш баштагандар үчүн чечүүчү мааниге ээ.

Эмил Үмөталиев, «Кыргызконцепт» компаниясынын жетекчиси:
- Ишти ачаарда ошол күнгө карата мыйзам кандай мүмкүнчүлүктөрдү берет, ошону караш керек. Эгерде рынокко жаңы кирип жатсаң, жаңы иш баштап жаткан болсоң, эгерде кирешең өтө көбөйүп кете турган болбосо, бүгүнкү күндө юридикалык формалардын ичинен эң ыңгайлуусу, эң пайдалуусу патент болуп эсептелет. Абдан жөнөкөй. Чоң бухгальтериянын кереги жок. Менеджмент деп башкара турган орган түзбөйсүң. Патент - жөнөкөйлөтүлгөн салык төлөө. Киреше менен чыгашаны эсептөөнүн абдан жөнөкөй жолу. Андыктан иш баштап жаткандар ошол иш патент ала турган кызматтардын арасында барбы, жокпу карап көрүүлөрүкерек. Болсо, дароо эле патент менен иштеш керек. Эң пайдалуу, эң жөнөкөй. Ишти да өнүктүрсө болот, салыкты да оптималдуу төлөсө болот.

Жогоруда келитирилген маалыматтан көрүнүп тургандай Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн айырмаланып ишкерликтин толук жана командиттик шериктештиктер жокко эсе. Бул бекеринен эмес. Толук жана командиттик шериктештиктерде бир нече адам биригип, ортого акча чыгарып, алар ишти чогуу башкарышат. Түшкөн пайданы адатта чыгарган акчаларына жараша тең бөлүшөт. Кыргызстанда адамдар бири бирине ишенишпейт. Шериктер арасында талаш чыкса сот да адилет чечим чыгарбайт. Ошондуктан Кыргызстанда ишкерлер жоро-жолдоштору, тааныштары менен иш кылганча үй-бүлө менен иш кылганды артык көрүшөт. Жаңыдан иш баштайм дегендер муну эске алып коюулары зарыл.

Өмүрбек Абдрахманов, «Азат» компаниясынын жетекчиси:
- Эгер адам жаңыдан бизнес баштап жатса, менин оюмча, ал жеке ишкер формасынан баштаганы оң. Жеке ишкер – бул юридикалык формалардын төмөнкү тепкичи. Ошондон баштап, ишке өзүнүн үй-бүлөөсүн кошсо туура болот. Башка кишилерди кошордо, бир аз этият болуш керек. Анткени бизде азыр базар экономикасчынын шарттары жаңы кирип, эл көнө элек. Башка адамдарды кошуп алган фирмалар көп эле болгон. Бирок иши жакшы жүрүп кетсе, бөлүшө албай мушташып кетишет. Кичине жаман болуп баратса, бири-бирин күнөөлөп киришет. Ал фирмалар жакшы иштей алышпайт. Ошон үчүн ишкерликти баштаган адамдар жеке ишкер болуп, патент алып иштешсе... Анан бизнесинин көлөмү өсүп, батпай баратса гана, башка формасына өтүш керек.

Суроо: Силердин «Азат» компаниясы жоопкерчилиги чектелген коом деп аталганына караганда, анын башка түзүүчүлөрү да болсо керек?
- Ооба ,башында ага башкалар да кирген. Биз ойлоп көрсөк, башкалар менен иштешиш кыйын экен. Анткени сен өзүң бүт тапканыңдын баарын фирмага жумшайсың. Фирманын бары да, жогу да сеники. А башкалар болсо андай мамиле кылышпайт экен. Алар бар болсо, бөлүшсөк дешет. Жогуна кошпойт экен. Ошон үчүн биз ойлонуп көрүп, башкаларды бөлүп, өзүнчө фирма кылып койгонбуз. Өзүбүз үй-бүлөбүз менен - балдарым, аялым «Азатта» калганбыз. Үй-бүлө ошол фирма үчүн эң күйүп бышкан, түн десе түн, күн десе күн иштеген кишилер болушат. Биздин жакшы иштегенибиздин себеби ушундан болсо керек.

Сиз өзүнүзгө жаккан юридикалык форманы тандап алгандан кийин каттоодон өтүшүңүз керек. Каттоодон өтүүнүн тартиби кандай?

Адыл Эстебесов, юстиция министрлигинин юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары:
- Ишкерлер катталуу үчүн же юстиция министрлигине, же биздин облустардагы структуралык бөлүктөрүбүзгө келиши керек. Мисалы, юридикалык жактын дареги Чүй аймагында болсо, Чүй облусттук юстиция башкармалыгына барышсын. Бул үчун кандай документтер керек? Буга ишкананын жобосу, уюштуруучулардын келишими жана уюштуруучулардын чечими керек. Документтер тапшырган күндөн тартып 10 күндүн ичинде каралат. Ошол 10 күндүн ичинде «каттоодон өттү» деген министрликтин, же биздин облусттук структуралык бөлүктүн буйругу чыгарылат. Анан ишкерге күбөлүк берилет.

Суроо: Жеке ишкерлерчи?
Жеке ишкерлер статистика органдарында катталышат. Паспортун алып барса эле, ошол статистика органдары каттоодон өткөрүп коет.

Адилеттүүлүк үчүн айта кетүү керек - көптөгөн адамдар каттоодон өтпөй эле ишкерлик жүргүзүшөт. Буга биринчиден каттоодон өтүүгө кеткен убакыт, анан, негизгиси, салык себеп. Каттоодон өтпөсөң тапкан акчаңдын баары өзүңдүн чөнтөгүңдө калат.

Кубанычбек Тезекбаев, Жеке ишкерлер комитетинин төрагасы:
Кээ бир кишилер мына он жылдан бери иштеп келе жатышат, бирок патент алышпайт.

Суроо: Ушундайлар көппү? Каталбагандар да барбы?
- Катталбагандар толтура. Мисалы, базарда отуруп жемиш-жашылча саткандар бар. Алардын бирөөсү да патент алганын көрө элекмин. Чын чынына келгенде жемиш-жашылчадан акча көбүрөөк түшөт. Башка жөнөкөй буюмдарга - тамеки, арак сыяктуу товарларга караганда. Андан тышкары кийим-кече саткандар бар. Алар да патент алышпайт. Килейген Дордой базарында сода кылгандар салыкчылар келгенде жең астынан акча бере коюшуп, расмий түрдө салык төлөшпөйт. Алар бири бири менен сүйлөшүп алышат

Катттоодон өтпөгөндөрдү адатта милициясы да, салыкчылары да кармай беришет. Кубанычбек Тезекбаев айткандай алар салык төлөшпөгөндөрү менен кармалган учурда пара берүүгө аргасыз болушат. Ошондуктан көпчүлүк ишкерлер «ач кулактан тынч кулак» деп каттоодон өтүүнү артык көрүшөт.

Жеке ишкерликтин бир кемчилиги бар. Жеке ишкерлер карызы үчүн үй-мүлкү менен жооп берсе дагы, аны өнөктөштөр, инвесторлор олуттуу ишкер деп эсептешпейт. Керектөөчүлөр да, арзан бербесе, алардын товарларын жакшы алышпайт. Эгерде ишкер башка ишканалар менен карым-катнаш түзгүсү келсе, юридикалык жак болуп, банктан эсеп ачышы керек. Өсүп-өнүгүп бараткан ишкерлер салыкты көбүрөөк төлөөгө туура келсе да, буга барууга аргасыз болушат.

Биз сөз кылган компаниялардын көпчүлүгү учурунда ишти чакан ишкана деген макам менен башташкан. Ал кезде граждандык кодекс ишке кире элек кез болчу. Бирок ал кездеги чакан ишкана азыркы жеке ишкерге окшош. Алар кийин өздөрүнүн юридикалык формаларын өзгөртүп кайра түзүлүштү. Азыр «Кыргызконцепт» жана «Азат» компаниялары жоопкерчилиги чектелген коом. Жоопкерчилиги чектелген коомдун кандай артыкчылыктары бар?

Эмил Үмөталиев, «Кыргызконцепт» компаниясынын жетекчиси:
Эми Үмөталиев 46 жашта. Орто мектепти бүтүргөндө берилген аттестатында бир гана сабактан «4» деген баа бар. Калган сабактардын баардыгы «5». Улуттук мамлекеттик университетте «прикладдык математика» кесиби боюнча окуган. Кесиби боюнча иштеген эмес. Университетти бүткөндөн кийин комсомолдук жана партиялык кызматтарда жүргөн. Өзү армияга кызмат өтөөгө барганда ак-караны таанып, көзүм ачылды деп эсептейт. Комунисттик режимдин көрөр күнү аз калганын сезип, СССР куларына жарым жыл жетпей партиялык кызматты таштап баса берет.
«Кыргызконцепт» компаниясын ал 1990-жылы уюштурган. Компания чет өлкөдөн келгендерге ар кандай жардам көрсөтөт. Семинарларды жана тегерек столдорду өткөөрүүүгө көмөктөшөт. Компанияда 40 жакын адам иштейт. Эмил Үмөталиев коомдук иштерге активдүү катышат. Ал Ишкерлер бирикмелер когрессинин төрагасы.


- Бизнесиң чоң, салмактуу болсо, элдин көзүнө көрүнө турган болсо, башкалар менен расмий карым-катнаш түзгүң келсе, жеке ишкер деген макамдын деңгээли төмөндүк кылат. Анткени чоң.деңгээлге жетише электигиң белгилүү болуп калат. Эң оптималдууусу - жоопкерчилиги чектелген коом. Анын диапазону абдан кең. Бул юридикалык форма менен чакан ишканадан чоң ишканаларга чейин иштей берсе болот. Жоопкерчилиги чектелген коом чакан ишканаларга да ылайык. Анткнени анын эрежелери акционердик коомдорго караганда жөнөкөйүрөөк.. Ыңгайлуусу – анын кредиторлор алдындагы жоопкерчилигинде. Жоопкерчилиги чектелген коом карыз болуп калса, өзүнүн тапкан каражаты жана уставдык капиталы менен гана жооп берет. Анын кожоюндарынын башка каражаттарына, мүлктөрүнө эч ким тийбейт.

Ишканалардын э жогорку формасы - акционердик коом. Акционердик коом башка юридикалык формалардан ишкананын капиталы ээсинен ажыратылып, баалуу кагазга айлантылганы менен айырмаланат. Башка сөз менен айтканда ишкананы түзгөндөр кийин кандайдыр бир себеп менен андан баш тарткысы келсе, ишкананы сатпай эле, акциясын сатып кете беришет. Акционердик коом капиталды ишкананын ээлеринен гана эмес, башка элден да топтой алышат. «Шоро» жана «Акун» копаниялары адегенде төмөнкү формалардан баштап, кийин акционердик коом болуп кайра түзүлүшкөн. Ал эми «MNT konsalting» компаниясы болсо баштаганда эле акционердик коомдон баштаган.

Төлөндү Тойчубаев, «MNT konsalting» компаниясынын жетекчиси:
- Мен мурда өкмөттө иштечүмүн. Өкмөттө иштегенде, сен же шүмшүйгөн бир чиновник болушуң керек. Эки тыйын акчаң жок. Бала-бакыраңдын баары ачка. Азыркы сөз менен айтканда коррупционер болушуң керек. Бирөөнүн ишин бүтүрүп, акча алып жан багышың керек. Же өкмөттөн кетип, бизнеске барышың керек. Мен бизнеске жылайын деп, бизнеске жылганмын. Кандай бизнес жасасам деп ойлондум. Мунай менен иштейин десем, ага көп акча керек. Пахта менен иштейин десем, ал жерди мафиоздук топтор ээлеп алышкан. Ошондуктан жолдош балдар менен ойлонуп отуруп, «биздин акылдан башка эмнебиз бар, сатсак ошол акылыбызды сата алабыз» деп, кеңеш берүүчү компания ачканбыз. Үч бала болуп баштадык. Бир-эки жыл жүрдүк бир компьютер, эки столубуз менен. Эки жылдан кийин белгиялык бир чоң инвестор тапканбыз. Ары бери карап, ушул акционердик коом деген макамды тандаганбыз. Себеби акционердик коомдун жеке ишканага караганда стандарттары жогору. Акционердик коом Батыш өлкөлөрүндө пайдаланылган бухгальтердик, аудиттик стандарттар менен иштейт. Ал инвесторлорго ачык. Андан тышкары акционердик коомдун ээсинен көз каранды болбогон артыкчылыгы бар. Ээси аны сатып кете албайт. Ал акциясын гана сата алат. Баштоочулар кетип калышса , ишкананын иши жакшы жүрсө, иштей берет.Бул биздин инветорго ылайыктуу болду. Акылдын канчалык баалуу экендигинен мындан билип коюңуз – инвестор биздин жанагы эки үстөл, бир копютерибизди жарым миллион долларга баалап, биз менен бирге акционердик коомго кирген.
XS
SM
MD
LG