Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:34

ТҮШТҮК ОСЕТИЯДА ОК АТУУ ТЫЙЫЛДЫ


Ишембиден тарта – Грузия менен сепаратисттик Түштүк Осетия ортосунда жетишилген ок атууну токтотуу келишими күчүнө кирди. Бул тууралуу мурунку күнү кечинде Орусия, Грузия жана Түштүк Осетиянын өкүлдөрү катышкан жыйында макулдашылган. Анын алдында Москва менен Тбилиси катаал билдирүүлөрдү жасашкан.

Куралдуу касташууну токтотуу келишими жума күнү Түштүк Осетиянын борбору Цхинвалиде Грузия, Түштүк Осетия, Орусиянын өкүлдөрү, о.э. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары катышкан жыйында жетишилди. Анын алдында эле сепаратисттик Түштүк Осетияда грузин премьери Зураб Жваниянын автокербени аткыланып, кокустан гана адамдар жабырланган эмес. Бейшембиге караган түнү Грузия менен Түштүк Осетиянын чектеш аймактарында минометтордон ок жаадырылып, расмий маалыматтар боюнча, 3 грузин аскери курман болуп, 3 осетин жараат алышкан.

Кырдаал кыйчалыштап баратканын сезген аймак үчүн атаандашып келаткан Тбилиси менен Москва шашылыш өз өкүлдөрүн Цхинвалиге аттантып, Түндүк жана Түштүк Осетиянын ырасми адамдары, Европалык байкоочулардын катышуусунда аралаш комиссиянын жыйынын өткөрүп, кызуу талаш-тартыштын соңунда ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюлду. Байкоочулар чыр-чатактуу аймакта ишембиге оогон түн тынч өткөнүн билдиришти, Грузиянын ички иштер министрлиги бирок бир аскерге адашкан снайпердик ок тийип, жарадар болгонун маалымдады.

Анткен менен, сепаратисттик Түштүк Осетия чатагын жөнгө салуу боюнча дагы далай татаал сүйлөшүүлөр алдыда. Жума күнү Грузиянын парламенти Москва чырлуу аймактагы аскерлерин чыгарып кетсин, Орусиялык бейпилдик күчтөрдүн мандаты кайра каралсын деген чечим кабыл алышты. Грузин парламентинин төрайымы Нино Буржанадзе премьер-министр Зураб Жваниянын автокербенине ок ачылганы үчүн ал жердеги Орусиялык бейпилдик күчтөрүн айыптады.

- Бул окуя – биздин тереңирээк ойлонуп, тийиштүү чечимдерди тезинен кабыл алуубузга түрткү болушу керек. Анткени ал жердеги Орусиялык бейпилдик күчтөрү Түштүк Осетия тараптай эле аймакты грузин премьери жана тышкы иштер министри кыдырып жүргөнүн билишкен.

Тбилиси Цхинвалидеги комиссия жыйынына Орусиянын тышкы иштер министрлигинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси барганын сындап, мындай деңгээлдеги өкүл Түштүк Осетиядай татаал маселени чечүүгө жарабайт деп зекитсе, Кремль грузин өкмөтүн чатакты күчкө салып чечүү жолун тандаганы үчүн айыптаган билдирүү жасады. Аралаш комиссиянын отурумунда Орусиянын өкүлү Грузиянын Түштүк Осетиядагы бейпилдик күчтөрүн кеңейтип, башка улуттардын аскерлерин да кошуу сунушун четке какты.

Цхинвалиден алынган маалыматтарга караганда, жакын арада Грузия, Түштүк Осетия, Орусиянын коргоо министрлери чогулуп, жагдайды талкуулашат.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG