Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:45

Хуту уруусундагылар Бурунди мамлекетиндеги тутсилерди кырууда


Африканын Бурунди мамлекетинде Бириккен Улуттар тарабынан түзүлгөн качкындар айылына түндө чабуул жасалып, 180 адам бычакталып өлтүрүлдү. Хуту уруусунун өкүлдөрү айылдагы тутси уруусундагыларды кырган, дагы жүздөн ашык адам жараат алды. Качкындар кошуна Конго мамлекетинен келген. Эки уруу ортосундагы касташуу он жылдан бери уланууда, бирок чабуул жасаган хутулар Конгодон же Руандадан келгени азырынча белгисиз. 1994-жылы кошуна Руанда мамлекетинде дагы дал ушу эки уруу ортосунда кагылышуу чыгып, бир миллионго жакын адам кырылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG