Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:44

Ооганстандын Герат провинциясында жаңы куралдуу кагылышуу чыкты


Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында жаңы куралдуу кагылышуулар башталды. Аскербашы Аманулла Хандын айтымында, анын жоокерлери губернатор Исмаил Хандын аскерлери менен салгылашууда. Тажик Исмаил Хан президент Хамид Карзайга каршы чыгып келген. Коргоо министрлигинин өкүлү Захер Азиминин айтымында, салгылашуу эмнеден башталганы азырынча белгисиз: "Гераттын губернаторунун айтымында, салгылашууну Гор провинциясынын губернатору баштаган. Бирок Гордун жетекчилигинин айтымында, бул Герат элинин өзүнүн көтөрүлүшү. Биздин өкүлдөр Гератка барып, абал менен жеринен таанышып келгенге чейин, биз эч нерсе деп айта албайбыз". Герат провинциясындагы куралдуу кагылышуулар эки жылдан бери токтобойт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG