Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:27

АКШ коргоо министри Орусиянын Санкт-Петербург шаарына келди


АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд бүгүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарында орус коргоо министри Сергей Иванов менен жолугуп, АКШ менен Орусия ортосундагы 2005-жылдагы аскерий кызматташуу маселелерин талкуулайт. Андан тышкары, терроризмге каршы күрөш, кеңири кыруучу куралды жайылтпоо маселеси менен Ирак, Ооганстан жана Грузиядагы абал дагы каралат. Кечээ күнү Рамсфелд Украинада болуп, өлкөнүн коргоо министри Евгений Марчук менен жолуккан. Марчуктун айтымында, өзүнүн 1600 аскерин Украина Иракта дагы калтырат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG