Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:42

Ирактын башка шаарларында куралдуу кагылышуулар уланууда


Имам Муктада ас-Садрга жан тарткан жумушчулардын эскертүүлөрүнөн кийин Ирак компаниялары өлкөнүн түштүгүндөгү куур аркылуу мунай экспорттоону токтотту. Нью-Йорктун биржасында кечээ күнү бир баррель мунайдын баасы 46 доллардан ашты, бул акыркы 21 жылдагы рекорд. Лондон биржасындагы баа 43 доллардан ашты. Ирактын кээ бир шаарларында болсо куралдуу кагылышуулар уланууда, түндүктөгү Самарра шаары америкалыктар тарабынан бомбаланып, андан элүүгө жакын адам курман болду. Кечээ күнү кечинде Хилла шаарында кагылышуу болуп, кырк жоокер жана үч полициячы өлдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG