Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

АКШ: ЖУРНАЛИСТ ЭМНЕ ҮЧҮН ЖАЗАЛАНЫШЫ МҮМКҮН?


Америкалык журналист Роберт Новак прокурор менен кызматташпаганы үчүн сот жообуна тартылганы турат. Ал өткөн жайдагы макаласында Борбордук чалгындоо агенттиги- БЧАнын агентинин ысмын атап, мыйзамды бузду деп күнөөлөнүүдө. Журналист Ак Үйдө иштеген маалымат булагын атоодон баш тартууда. Прокурор менен кызматташпаганы үчүн Новактан башка “Таймс” журналынын кабарчысы Матью Купер дагы бир катар журналисттер да айыпка жыгылышы мүмкүн.

Бул чыр президент Жорж Буш былтыр январда АКШ калкына жасаган жылдык кайрылуусу учурунда айткан бул сөздөн башат алат:

- Британ өкмөтү жакында Саддам Хусейн Африкадан аз эмес өлчөмдө уран алууга аракеттенген.

Буштун администрациясы Иракка согуш ачуу же ачпоо жайын ойлоштуруп жаткандыктан, британ өкмөтүнүн кабарын тактап келүү үчүн Борбордук чалгындоо агенттиги-БЧА кесипкөй дипломат Жозеф Вильсонду Нигерияга жөнөтөт. Вильсон кабарды тастыктаган эч кандай далилдерди таппайт.

Вильсондун айтымында, ал сапардан кайтып келгенден кийин бир нече ай бою Ак Үйдү президенттин сөзүн калпка чыгаруу аракетин жасайт. Андан майнап чыкпагандан кийин, “Нью - Йорк Таймс” гезитине Саддамда өзөктүк куралы бар деген маалымат негизсиз экенин жазып чыгат. Ошондон бир жума өтпөй Буштун тарапкери Роберт Новак маалымат булагын көрсөтпөй туруп, Саддам менен Нигериянын байланышын изилдөө үчүн Вильсонду БЧАда иштеген аялы сунуш кылганы тууралуу макаласын жарыялайт.
Дипломаттын зайыбы БЧынын жашыруун агенти эле.

АКШнын мыйзамы чалгындоо кызматтарынын жашыруун агенттерин шардана кылууга тыйуу салат. Ошон үчүн, сот агенттин атын атоо факты боюнча бир нече журналистке, анын ичинде Матью Куперге каршы тергөө ишин козгойт.
Бул журналисттер Новактан айрымалынып, Вильсондун аялынын атын аташкан эмес.

Купер сурак берүүдөн баш тарткандан улам, сот ага каршы атайын айып коюлганга чейин абакка салдырып койду. Журналист бу жерде 18 ай же көрсөтмө бергенге макул келгенче чейин отурат. Ал иштеген “Таймс” журналы бир жарым жыл бою күнүнө 1 000 доллардан айып төлөөгө милдеттендирилген.

Матью Купердин айтышынча, ал эгер шартты бузуп, ага маалымат берген адамды атаса, журнал аны жумуштан бошотуп салат.

Шаршемби күнү Журналисттерди коргоо комитети Купердин камакка түшкөнүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди. Уюмдун аткаруучу директору, журналистке аты уйкаш Анн Купер айым америкалык журналисти эркинен убактылуу ажыратуу анын оозун жабуу үчүн жасалбаганына токтолуп, мындай дейт:

- Дүйнө жүзүндө 2004-жылдын башында 136 журналист камакта эле. Кытай, Куба, Эритерия, Бурма, Вьетнам түрмөнү журналисттерди коркутуу же оозун жабуу үчүн өтө көп колдонот.

АКШнын мыйзамдарына ылайык, журналисттин кесиптик милдетин аткаруусуна тоскоолдук кылбас үчүн, сот маалымат алуунун башка булактары натыйжа бербегенден кийин гана журналист сурашы шарт.

1990-жылдары президент Бил Клинтондун жеке жана финансылык ишмердүүлүгүн иликтөөгө жардамдашкан мурдакы прокурор, азыр пенсиядагы Пол Розенцвейг АКШнын мыйзамдары сөз эркиндигин коргоого ашыкча маани бергенине көңүл бөлөт:

- Өкмөт бардык башка мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып бүткөндөн кийин жана кылмыш иши тергелип жатса, ошондо гана журналисттин кызыкчылыгы корголбойт. Бул өтө чоң артыкчылык.

Розенцвейг айрым өлкөлөрдө журналисттердин анонимдүү маалымат булактарын кылмыш иши тергелип жаткан кезде да айтпай коюусуна мыйзам уруксат бергенин айтып, Кошмо Штаттардын Конституциясында федералдык мыйзамдын штаттардын заңдарын жокко чыгаруусуна бөгөт болчу жобо жок экенине өкүнөт. Конгрессмендер да мындай демилге менен чыгышкан эмес. Бул журналист башка жарандар сыяктуу эле сот алдында жооптуу болуш керек деген америкалыктардын ишенимине байланыштуу болсо керек деп тыянак кылат карыя юрист.
XS
SM
MD
LG