Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:42

ЭМИ ТЕРРОРИСТТЕР «ЧЕК-2004» ЧЕГИН БАСЫП ӨТӨ АЛЫШПАЙТ, ЫСЫККӨЛДӨ ТАРТЫЛЫП ЖАТКАН КЫРГЫЗ ФИЛЬМИ, ОРУСИЯЛЫКТАРГА ЖАККАН КАЗАК ФИЛЬМИ


Төрөкул Дооров (Torokul Dorov), Москва «Кайрадан эле Ташкендеги жардыруулар тууралуу эки ооз сөз», «террористтер эми «Чек-2004түн» чегин ашып өтө алышпайт», «Ысык-Көлдүн боюнча тартылып жаткан кыргыз кинотасмасы тууралуу жана орусиялык кинопрокатка чыккан казак фильми». Орус гезит беттеринде орун алган мына ушул жана башка Орто Азия турмушуна тиешелүү эң урунттуу макалалардын мазмуну менен тааныштырууну улантабыз.

Казахстанда өткөн жумада башталып, Кыргызстанда жыйынтыкталган «Чек-2004» аскерий машыгуулары тууралуу өтүп бараткан жуманын биринчи күндөрүндө кызуу талкуу жүрдү. Айрым гезиттерде, мисалы, «Независимая газетада», бул машыгуулардын пайдасы анчалык деле натыйжалуу болбой тургандыгы тууралуу айтылса, дагы бирөөлөрү региондо коопсуздукту камсыз кылууда аталган машыгуулардын мааниси зор экендигин кайталап жатышты. Бул өңдүү басылмалардын тизмесин «Красная звезда» гезити жетектейт.

Бул жолу «Чек-2004» тууралуу сөз Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа уюштурган маалымат жыйынынан кийин кайрадан күчөдү жана бир эле убакта бир канча гезиттер терроризм, Өзбекстандагы жардыруулар тууралуу кайрадан сөз козгой башташты. Мисалы, «Русский курьер» менен «Независимое военное обозрение» гезиттеринде жарыяланган Ташкендеги жардырууларга карата жазылган макалалар убактысы боюнча кичине кечеңдетилип айтылгандай туюлду.

Кантсе да, өтүп бараткан жумада орусиялык басылмаларда берилген Орто Азия жаңылыктары жалаң эле супсак материалдардан турган жок. Алардын арасында, мисалы, Казахстанда америкалык аскерий база ачылгандыгы тууралуу айткан «Парламентская газетанын» макаласы, «Коммерсант», Новые известия» жана «Московский комсомолец» басылмаларында орун алган маданий темадагы макалалар өзгөчө көңүлдү бурат.

Эми аларга кеңири токтолуп көрөлү.

«Орусиянын кинопрокатында «Шиза» аталышындагы казак фильми пайда болду» деп кабарлады жума күнкү санында «Коммерсант». Анын кебин андан ары улаган «Новые известия», казак жериндеги карапайым калктын турмушунан үзүм берген «Шиза» фильми Европада бир катар фестивалдарда жылуу колдоого алынгандыгын айтат. Болгондо да, аны тарткан жаш режиссер-кыз Гульшат Омарова орусиялык белгилүү режиссерлор ата-уул Сергей Бодровтордон таалим алган экен.

Ушул эле теманы улап «Московский комсомолец», ушул күндөрү Ысыккөл боюнда тартылып жаткан «Бабалар сандыгы» тасмасы тууралуу кызыктуу макаласын басып чыгарды.

Макаланын формасы, кудум, тасманы тартуу жараянына байкоочу болуп жүргөн кадимки иттин көзү менен берилгендей туюлат. Анткени макала ошол иттин атынан жазылгандай.

«Бабалар сандыгын» Москвадан режиссердук билимин өркүндөткөн кыргызстандык режиссер Нурбек Эген тартып жатат. «Московский комсомолецтин» бул тууралуу макаласында тасмадагы окуялар кандайча тартылып, кайсыл багытта өнүгөөрү, ага катышкан франциялык актриса Наташа Ренье тууралуу жана башка кызыктуу окуялар жөнүндө айтылат.

Бирок, көңүлдү чөктүргөн жагы – жаш кыргыз режиссеру тарабынан тартылып жаткан фильм качан калк сынына коюлаары тууралуу бир да сөз айтылбаптыр…
XS
SM
MD
LG