Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:19

ДҮЙШӨМБҮДӨ МАСКӨӨДӨ БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЧЫГЫШ ТААНУУЧУЛАР КОНГРЕССИ АЧЫЛАТ


Муса Мураталиев, Москва Дүйшөмбү күнү Маскөөдө чыгыш таануучулардын Бүткүл дүйнөлүк конгресси ачылат. Ага Азия, Түндүк Африка жана Батыштан келген 2000-ге чукул окумуштуулар катышмакчы. Арасында кыргыз илимпоздору да болот. Жакында биздин орусиядагы кабарчыбыз Муса Мураталиев ICANAS – 37 аталышта ошол эл аралык конгрессти даярдап аткан топтун жетекчиси профессор Дмитрий Васильев менен жолугуп аңгемелешип чыккан. Бүгүн ошол жолугушуу негизинде даярдалган материалдын этегин сунуш кылабыз

Чыгышты тануу боюнча эл аралык олтурум 1873 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан адаттуу көрүнүш экен. Анын ошондон бери 36 олтуруму өтүптүр. Ал туурасында мурунку берүүбүздө айткан элек бул жолу ошол конгрессти даярдап өткөрүп аткан таанымал окумуштуу Дмитрий Васильев менен саал аңгеме курмакпыз. Анын себеби, профессор Васильев байыркы түрк жазууларын изилдөө боюнча ат көтөргүз салым кошкон окумуштуулардын бири. Энесай жазууларын изилдөө үстүнөн ал ушул күнгө дейре эмгек этип келет. Ошондуктан эки иштен бир иш деп ушул багытта суроо жолдогонубузда ал кебин баарыдан мурда Кыргызстанда кесиптештеринин эмгегин жогору баалай тургандыгын айтты. Кыргызстанда байыркы түрк эстеликтерин иликтөө боюнча, Оркон-Енисей жазууларын жандырып окуу боюнча калыпка түшкөн изилдөөчүлөрдүн олуттуу мектеби бар экенин ошол себептүү ал үчүн кыргызстандык кесиптештери менен кызматташуу дайыма кызык болорун белгиледи. Андай илимпоздор деп Васильев:

- Мурда көзү өткөн Батманов, азыркы тушта изилдөө иштерин жүргүзүп аткан Четин Жумагулов сыяктуу ысымдар байыркы түрк жазууларын изилдөө боюнча аты чыккан илимпоздор ичинен эң алдыңкы ысымдар катарын түзүшөт.

Андан аркы кебинде бул багытта олуттуу салым кошуп атышкан Кадыралы Коңкобаев менен Анвар Макеевдин аттарын атады.

Орусиялык профессор алардын мектеби канткен менен Санкт-Петербург менен Маскөөдөн башат алып, ошол жактан калыптанышы абдан көңүл жылытар жышан болгонун сайып көргөздү. Ал тургай кыргызстандык кесиптештери менен абдан берилүү менен кызматашуусунун бир себеби мына ушунда экенин айтты.

Кыргызстанга качан барасыз деген сурообузга ал бул жылы эл аралык конгресс даярдап аткандыктан чолосу тийбей, ошондон улам бара албай тургандыгын өкүнүч аралаш айтты.

Кийинки учурда кандай жаңы ачылыштар жазалгандыгы туурасында сураганыбызда ал: “Мурунку жылы уйгурлар кезинде курулган Тува жериндеги байыркы чепти изилдөөгө байланыштуу абдан кызык ачылыштарым болду”, - деди. Көрсө ал эстелик мурда изилденбептир. Ал чептин жанындагы балбал таш бетине калган жазуулар бар экен. Аны жандырып окуй келгенде - чеп байыркы уйгурлар бир канынын жайкы эс алуучу сарайы болуп чыгыптыр. Албетте мындай маалымат буга дейре эч жерде болбогондуктан бул өзү жандырган байыркы түрк жазуусу илимге салым кошот деп айтты.

Кыргыз кесиптештериңиз менен эл аралык Чыгыш таануучулар конгрессинде жолугушат экенсиз го десем, ал, жо, мен андан тышкары, үстүдө жылдын октябрь айында, Бишкекте өткөнү жаткан, түрк цивилизациясы аталышта конгрессте жолугуп, ошондо бел чечишип олтуруп, кеңкесири баарлашам деди нагыз ишеним менен.
XS
SM
MD
LG