Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:57

БЮДЖЕТ МАМИЛЕСИ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?


Соңку жылдары жергиликтүү бюджет маселеси, дегеле өлкөнүн башкы экономикалык документинин түзүлүшү жайында аркыл пикирлер айтылып келатат. Бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен бюджеттик угуулар өткөрүлүүдө. Бюджет республикадан облуска, андан районго, эки электен өткөнү гана айыл, шаарга үлөштүрүлүшү туура эместиги айтылууда.

Бюджет республикадан облуска, андан районго, соңунда жергиликтүү бийликтин колуна тийгенче эки электен өтүп, кыйла эле жукарып, жышылып калат.

- Эгемендик тушунда реформалар деп көп эле нерселер жасалды. Бирок да, бюджеттик мамилеге келгенде Каржы министрлигинин аракетине карабастан, бюджетке мамиле мурунку эле советтик кездеги деңгээлде калып жатат. А кезде биз да иштеп калганбыз, бюджет кандай түзүлгөнүн дурус билем. Конституция боюнча деле айыл, шаар, поселок кеңештери мамлекеттик бийлик органдары катары эсептелчү. Азыр абал андан башкача болуп кеткен жок, - дейт Жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Төлөбек Өмүралиев.

Азыркы айыл өкмөтүнүн, кичи шаар, шаарчанын жергиликтүү бюджети облус же райондун каржы уюмдары бекитип койчу чыгымдар сметасы катары калууда. Өткөөл мезгил экономикасына мүнөздүү бул көнүмүш кийинки эки жылдан бери аз-аздан жоюлууда. Эларалык уюмдардын көмөгү менен жергиликтүү бюджет маселеси элдик талкууга коюлуп, киреше-чыгашанын өлчөмү так аныкталыш зарылдыгы айтылууда. Республикалык бюджет орто жолдон облус менен райондун энчисинде калбай, каражат Каржы министрлигинен түз эле шаар менен айылга бөлүнүшү туура болорун турмуш өзү аныктоодо. Айрым адистердин айтымында, экономикалык оорчулуктун толгон-токой проблемаларынын төөбастысында калган кичи шаар менен айылдарды өз алдынчалык гана кризистен сактай алат.

- Республикада кийинки беш жылда мамлекеттик бюджетке кирчү жергиликтүү бюджеттин үлүшү көбөйгөнү байкалууда. Жергиликтүү бюджеттин 90% жакын чыгымын билим берүү тармагына кетчү каржылоо түзөт. Калган 10% башка иштерге жумшалат, - дейт 1-вице-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев.

Ошондон кичи шаар менен ири айыл өкмөттөрүнүн инфраструктурасын баштагы калыбына келтирүү амалында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган долбоорлор ишке кирүүдө. Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгы толгон-токой социалдык проблемаларды жаратууда. Кызылкыя шаар башчысы Миркамил Абдивасиевдин ырасташынча, бюджет тартыштыгы жергиликтүү бийликти айласыз абалга алып келди.

- Чакан шаарлардагы инфраструктура кризистик абалга жетип калды, ага бюджет тартыштыгы себеп болууда. Бюджеттик каражаттын 90% саламаттык сактоо менен эл агартууга жумшап, калган 10% инфраструктурага калып, анын абалы оор бойдон калууда.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу министри Төлөбек Өмүралиевдин айтымында:

- Бизде бюджет парламентте каралат. Анан ал облус деңгээлине түшөт. Бюджет долбоорун облустук акимчилик даярдайт. Аны облус кеңеши бекитет. Каражаттын бир бөлүгү облус керектөөсүнө деп ал жерде калат. Ошентип бюджет район карамагына келет. Бюджет долбоорун райакимчилик даярдап, райкеңеш бекитет. Райондук иштерге делинип дагы бир бөлүгү орто жолдо калат. Эки электен эленип калганынан артканы айыл, шаар, поселокко – эл жашаган жерге бөлүнөт.

Ушу тапта аз-аздан өрүш ала баштаган жаңы мамиле байралып кетсе ортодогу эки деңгээл - район менен облустун артыкбаш экени ачыкка чыгып, четке сүрүлүп калары турган иш. Бюджет жергиликтүү айыл, шаар, шаарчадан түзүлүп, мамлекет казынасына түшкөн каражат кайра эле буйдалбай пайдаланчу жерине келиши керек. Байгер өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй эки ортодон ээ чыккан түзүм артыкбаш.
XS
SM
MD
LG