Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:54

Эгемендүүлүккө карата Курманжан датканын эстелиги ачылат


БИШКЕК. Эгемендүүлүктүн 13-жылдык мааракеси быйыл 20-августта башталат. Бул тууралуу уюштуруу комитетинен кабарлашты. Ушул күндөн баштап Атабейит эстелигинде эскерүү митинги, Токмоктогу Бурана комплексинде, Ош шаарындагы Сулайман тоодо театрлаштырылган көрсөтүү, Алатоо аянтында намаз түшүрүү болот. Ал эми 30-августта Бишкек шаарында Курманжан датканын эстелиги ачылат. Ал эми 31-августта Алатоо аянтында салттуу салтанат өтөт. Ага Президент Аскар Акаев баштаган расмий өкүлдөр, Кыргызстанда иштеп жаткан Эл аралык уюмдардын, өкүлдөрү, элчилер катышаары күтүлүп жатат.


Жаңылыктар топтомун Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты

XS
SM
MD
LG