Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

КЕЛЕЧЕГИ БҮДӨМҮК БАЛДАРДЫН ЭРТЕҢКИСИ КАНДАЙ?


Ырысбай Абдыраимов, Жалалабад Жашоо - турмуштун начардыгы менен ата-энелердин жоопкерсиздигинен Жалалабад областында кароосуз жана окубай жүргөн балдар көп. Областтын көчөлөрүнөн ысырык түтөтүп, кайыр сураган Өзбекстандык балдар-кыздарды да учуратууга болот. Келечеги бүдөмүк балдардын эртеңкиси үчүн областта кандай чаралар көрүлүп жатат? Өспүрүмдөрдүн дейдилик кылып, кылмышка аралашуусуна кандай жагдайлар түрткү берип жатат?

Областтык билим берүү Башкармасы дейди жүргөн 341 баланы аныктаган. Адам укугун коргоочулардын болжолунда бул көрсөткүч реалдуу чындыктан 4-5 эсе аз. Кароосуз өспүрүмдөрдүн дарек-жайын тактоо оңой болбогонун облбийликтин бөлүм башчысы Асият Баркитова айтты:

- Көчө балдарын кармаганыбызда биз алардын кайсы мектепте окуп, кайсы райондон экенин билдик. Албетте, алар жашоосу начар үй-бүлөлөрдөн. Базарда жүргөн өспүрүмдөрдүн ким, кайдан экенин биле албадык.

Ата-эненин тапканы жетишпей, социалдык коргоо начардыгынан балдар оор жумуштарды аткарууда. Сузак районунан Гүлжан Асанованын ырасташынча ысык адырларда тикенек арасынан жемиш терген тестиерлердин укугу менен эч кимдин жумушу жок:

- Балдар-кыздар күндүн ысыгында адыр кезип ден-соолугунан ажырап жатканын эч ким эстеген жок. Кыргызстан – балдар Конвенциясын тааныгандан кийин жергиликтүү бийликтер, мугалимдер, айыл өкмөттөрү ата-энелерге балдар укугун түшүндүрсө - деди Гүлжан Асанова.

Областтык ички иштер Башкармасынын маалыматы боюнча Жалалабадга Ош, Баткен, Анжиян, Чүй областтарынан да балдар ооп келишет:

- «Үйүмө барам» деген балдарды каражат таап, үйлөрүнө жеткиребиз. Чүйгө 7-8 баланы жеткирдик. Айрымдарынын ата-энеси жок. Тамак, иш издеп, инилерин багуу үчүн да көчөгө чыгып жатышат - башкарманын жетекчиси, генерал Рашид Тагаев жагдай себептери жөнүндө ушундай оюн билдирди.

Областтагы жаштардын укук коргоо уюмунун башчысы Абдиназар Маматисламовдун пикирине караганда мектептеги коррупция да балдарды окууну таштоого мажбурлоодо. Өспүрүмдөр шарты начар балдар үйүнө баргандан заарканат. Көчөдө түнөгөн балдарга милиция көңүл бурбайт:

- Мугалимдер ар нерсеге акча сурай берип, көпчүлүк ата-энелер балдарын мектепке жөнөтпөй калды. Көчөдө жүргөндөр кечээ күбө болушту, бир жаш бала бетондо жерде жатат. Ошондой балдарды кармап балдар үйүнө жөнөтүшөт милиционерлер. Биз мониторинг жүргүзгөнбүз, балдар үйүндө шарт аябай начар. Ошондуктан балдар ал жактан качып кетишет - дейт, укук коргоочу Абдиназар Маматисламов.
XS
SM
MD
LG