Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

РУНИКАЛЫК ЖАЗУУНУН ЧЫГЫШ ЕВРОПА БАГЫТЫНДА ТАРАЛЫШЫ


Орто кылымдагы кыргыз, түрк, уйгур сыяктуу түрк тилдүү калктар колдонгон жазуу системасы Евразиянын кеңири аймагына тараган. Бүгүнкү күндө руникалык жазуу эстеликтери табылган жерлер Чыгыш Европанын ар кайсыл бөлүгүнөн жолугат.

Орто кылымдагы кыргыз, түрк, уйгур сыяктуу тектеш калктар өздөрүнүн жазуу системасын колдонушкан. Илимде руникалык жазуу деп таанылган шынаа шекилиндеги тамгалар жалпы жонунан жогоруда аталган калктарга тиешелүү деп кабыл алынган. Жазуу системасы кайсыдыр бир коомдун талабына ылайык иштелип чыгып, андагы элдин тилдик згөчөлүгүнө, жазуу чеберчилигине ылайык, тамгалар системасы жаралат. Ошондуктан руникалык жазууларды талдоо илиминде кыгыздар жараткан руникалык эстеликтер - энесайлык руникалык жазуу делсе, түрк калкы иштеп чыккан жазуу - орхон эстеликтери деп аталат. Орто кылымдагы кыргыздар менен түрктөрдүн жазуу системалары жогоруда сөз кылган өзгөчөлүктөргө жараша тамгалардын жазылышы жана тыбыштык жагынан бири-биринен кескин айырмаланат. Илим адамдары жазуу үлгүлөрүнө карата руникалык эстеликтердин таралыш аймагы менен жараткан элдин ошол жерге жайгашыш мезгилин аныкташат.

Ошондуктан руникалык эстеликтердин жайылыш ареалын тактоо, илим үчүн биринчи кезекте ошол эстеликти калтырган этносту аныктоо маселеси менен байланыштуу. Экинчиден, ал орто кылымдагы түрк тилдүү калктар да кат таанып, илим-билимден кабары бар экенин билгизет.

Бүгүнкү күндө руникалык эстеликтер Россия Федерациясынын бир канча жерлеринен табылган. Алардын негизгилери - Воронеж шаарына жакын жердеги Маяцк чалдыбарынан чыккан руникалык жазуу эсептелинет. Мындан тышкары Новочеркасск музейиндеги жана Түндүк Кавказ менен Калмыкиянын борбору Элиста шаарынын жанында табылган руникалык эстеликтер түрк тилдүү калктардын бул аймакка жер которгондугун далилдейт.

Муну менен бирге руникалык жазуу үлгүлөрү Венгриянын Сарваш жергеси менен Румыниянын Надь-Инт-Миклош аймагында табылып, алар ХХ к. 50-жж. окулуп, илим айлампасына алынган.

Түрк тилдүү калктар колдонгон руникалык жазуу эстеликтеринин Чыгыш Европа аймагында сейрек учураганы менен асыресе, аларда камтылган өрнөктүү маалыматтар жазуу системасын колдонгон калктын цивилизациялык белгилерин айгинелейт.
XS
SM
MD
LG