Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

АБСАМАТ МАСАЛИЕВДИ АЙЫЛЫНДА ЭСКЕРИШТИ


Өтүп бараткан жумада маркум Абсамат Масалиевдин туулган айлында аны эскерүү болуп өттү. Ага түштүк Кыргызстандын булуң-бурчунан миңдеген адамдар келишти.

Абсамат Масалиевдин туулган айлы Алышка Бишкектен кан достору Орозбек Дүйшеев, Бейшебек Акунов жана Өскөн Даникеев 11-августа кечинде келди. Алар 12-августка белгиленген кураан окутуу жана эскерүү күнүндө белгилүү саясатчылар Курманбек Бакиев, Исмаил Исаков,Адахан Мадумаров, Үсөн Сыдыков, Досбол Нур уулу, Баткен облусунун губернатору Аскарбек Шадиев, Кадамжай районунун акими Дастан Бердиев жана Абсамат Масалиевдин жакындары менен бирге аза күтүп турушту. Бул күнү эрте менен Алышка адегенде коңшу айылдардан адамдар келе баштады. Андан кийин Каракулжа,Өзгөн, Баткен,Лейлек, Ноокат тараптан агылды. Топ-топ болуп келип аткан адамдарга молдо жаңылап куран окууга араңдап үлгүрүп жатты. Эл көп чогулган бир учурда Абсамат Масалиевдин саясаттагы шакирттери өз устатынын сөөгү Алаарча көрүстөнүнө коюлуш себеби тууралуу маалымат беришти. Эл алдында Үсөн Сыдыков сөз сүйлөдү:

- Себеби дегенде сөөк биздики болгон менен ал киши мамлекеттин адамы. Ошондуктан мамлекет кандай чечкен болсо, баарыбыз ошого баш ийишибиз керек. Кыргыз мамлекетинин президенти баш болуп, баарыбыз ошол жерде топурак салдык. Ошол топурак салынгандан кийин элдин алдына барып, үзүр сурайлык деген чечимге келдик. Абсамат Масалиев жакшы урмат-сый менен коюлду. Ошону айтып коелу деп силердин алдыңарга келип турабыз.


Элдин агымы тыйылбай турган убакта Абсамат Масалиевдин теңтуштарын издеп таап, маркумдун жаш мезгилин эскерип берүүсүн өтүндүм. Көп жыл бою бирге окуган классташы Кыяз Эшбаев минтип эскерди:

- Биз бирге өсүп, бирге чоңойдук. Жаш убагыбызда мынабу көрүнүп турган кырдын аркасында эшек менен буудай ташып жүрдүк. Кийин Кызылкыядагы тоо кен техникумунда бирге окудук. Абсамат жалаң бешке окуйт эле. Орусча жат жазуудан биз жазалбай кыйналган учурда, көрсөт десек, бизге бир аз көрсөтүп туруп, андан кийин өзүң туура жазып үйрөн деп көрсөтпөй коер эле.

Абсамат Масалиевден улуураак Хамдам Турдумбетов Масалиевдин өрнөгү жаш муундарды тарбиялоого үлгү болоорун айтуу менен көкүрөгүндөгү ырын айтып төктү:

Абсамат Масалиев менин сыным боюнча:
Үркөрү эле жылдыздын
Үмүтү эле кыргыздын
Чолпону эле жылдыздын
Чырагы эле кыргыздын
Сарысы эле жылдыздын
Сардари эле кыргыздын, шум өлүм алып кеткенден кийин айла жок экен
.

Абсамат Масалиевдин дагы бир теңтушу, көп жылдар бою дарыгерлик кесипти аркалап келген Насирдин Айткулов балалык кездеги бир эпизодду эстеди:

- Абсамат абдан тыкан жана мыкты бала болгондуктан ага айылдагы Бекмурат деген саяпкердин көзү түшкөн экен. Саяпкер ат таптап, колхоздор арасындагы байгеге салчу. Абсаматты ат чабууга жарайт деп, ошондой байгеге чыгарган. Каражыгачтагы бир чоң ат чабышта Абсамат чапкан ат баш байгени жеңип алган. Ошондо бардык аксакалдар ага өркөнүң өссүн деп бата берген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG