Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

Өкмөттүк эмес уюмдар кызматташат


БИШКЕК. 19-сентябрда Казакстанда боло турган парламенттик шайлоого «Демократия жана атуулдук коом үчүн» өкмөттүк эмес уюмдарынын коалициясы байкоочуларды жиберет. Бул тууралуу коалициянын президенти Эдил Байсалов бүгүн билдирди. Анын айтымында жекшемби күнү Алматы шаарында казакстандык Көз карандысыз байкоочулардын бирикмеси менен коалициянын биргелешкен үч күндүк семинары соңуна чыкты. Анын жүрүшүндө эки уюм өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Ага ылайык тараптар тажрыйба алмашып, бири-бирине жардам бермекчи.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG