Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:50

УНАЧЫЛАРДЫН ЖЫЙЫНЫ, ОЮНЧУЛАРДЫН ҮМҮТҮ, КРИЗИС БОРБОРУНУН БҮТҮМҮ


Өтүп бараткан аптада Экономикалык кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн унаа жана байланыш министрлеринин кезектеги жыйыны өттү. Кыйладан бери талаш чакырып келаткан дагы бир чуулуу маселе, Феликс Куловдун маалынан эрте боштондукка чыгуу тууралуу арызы канааттандырылган жок. Эларалык кризис борбору Кыргызстанда бийлик алмашпаса Борбор Азиядагы демократиялык экспериментке чекит коюларын эскертти. Олимпиада оюндарына катышып аткан кыргыз спортчуларынын даремети тууралуу спорт жетекчиси айтып берет.

Экономикалык кызматташуу уюмуна кирген өлкө министрлеринин кезектеги 5-отурумунда чөлкөм проблемасы, асыресе анын байланыш-катыш маселелери талкууга алынды. Жыл сайын чогулчу кызматташтыкка мүчө өлкөлөрдүн унаа жана байланыш министрлеринин бул отуруму көгүлтүр Көл боюндагы Чолпоната шаарында 10-августтан 12-августка чейин созулду.

Жыйынга постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрү, Ооганстан, Иран, Азербайжан, Пакистан, Түркиядан өкүлдөр катышты. Каадалуу жыйында жүктөрдү ташып өтүүдө унаа тарифтерин өзгөртүү, чек ара тартибин жөнөкөйлөштүрүү, соода катнаштарын кеңейтүү маселелери талкууга алынды.

Кыргызстандын унаа жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиевдин ырасташынча, чек ара проблемаларын жөнөкөйлөштүрүү боюнча биртоп иштер жасалды:

- Жалпысынан алганда унаа жана байланыш тармагын жетектеген министрлердин жыйынында өзүбүздүн проблемаларыбызды чагылдырып, жасай турган иштерибизди тактап алдык, - дейт Кубанычбек Жумалиев.

Ушу тапта Азиядан Европага түз жол катнаш, Батыш менен Чыгышты, Түндүк менен Түштүктү авто, темир, аба жолдору аркылуу байланыштыруу аракети көрүлүүдө. Улуу жибек жолунун салтынын кыйла кылым өткөндөн кийин кайрылып келишин заман, мезгил талап кылууда.

13-августта Сокулук райондук соту кыйладан бери оппозиция менен бийликтин ортосунда талаш чакырып келаткан маселеге чекит койду. Сот чечимине ылайык Сокулук районунун Жаңыжер түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп аткан «Арнамыс» партиясынын жолбашчысы эмдиги жылдын ноябрь айында маалынан эрте бошонушу мүмкүн.

Кыргызстандын Акыйкатчысы Феликс Кулов ушул жылдын август айында боштондукка чыгып калышы ыктымалдыгын билдирсе, «Арнамыс» партия жетекчисинин жактоочулары быйыл жай башында эле ал бошотулушу керек экендигин болжоп келишкен. Феликс Куловдун камагы эмдиги жылдын ноябрь айына чейин созулушун айрымдар алдыда болчу президенттик шайлоого байланыштуу түшүндүрүп келатышат.

Оппозициянын таасирдүү жетекчисинин торзым артында дагы бир жыл кармалышы ириде шайлоо алдындагы саясий күчтөрдүн өз ара мамилесин кыйла татаалдаштырат. Бийлик каршылаштарынын биртобу адилет шайлоо өткөрүү талабын коюп атайын блок түзүп, өнөктөштөрүн бир болууга чакырып келсе, экинчилери эл бийлигинин туусун көтөрүүдө.

Сокулук райондук сотунун чечимин Ф.Куловдун адвокаты Любовь Иванова мындайча чечмеледи:

- Соттун эсеби боюнча Ф.Кулов 2001-жылдын 26-июлунан бери түрмөдө отурат. Феликс Куловдун 2000-жылдын 27-мартынан 2001-жылдын 22-январына чейин түрмөдө отурган убагы кимге жазылганы белгисиз. Ошондуктан Феликс Куловдун арызы оңуна чечилген жок. Сокулук райондук соту Бекешов мырза Ф.Куловду 2005-жылдын ноябрында гана мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулат деп санаган өкүмүн чыгарды, - дейт Любовь Иванова.

Райондук сот өкүмүнө наразы болгон Ф.Куловдун жактоочусу аппеляциялык арыз менен Жогорку сотко арыз менен кайрыла тургандыгын билдирди. Сокулуктун Жаңыжер түрмөсүндө жаткан Феликс Кулов маселе сентябрь айында оңунан чечилип калышы мүмкүн деген пикирде. Түрмө алдында чогулган жактоочуларына ал маселе күзгө тарта толук чечилип калышы керектигин айтты.

Президенттик бийликтин конституциялык эки мөөнөтү Кыргызстанда толугу менен аткарылганын улам-улам эске салган Батыш өлкөлөрү кийинки кездери бул жердеги демократиялык эксперименттин тагдырына кабатыр боло башташты. Эларалык кризис борбору ушул аптада Кыргызстандагы саясий жагдайды талдоого алган бүтүмүн жарыя кылды. Анда непадам, дагы бир ирет Аскар Акаев бийлигин сакташ үчүн шайлоого барса «Кыргызстанда элдин нааразылыгы пайда болуп, Борбор Азияда демократиялык эксперименттин эшиги узакка жабылары» айтылган.

Эки жылдан бери келерки шайлоодо талапкерлигин койбостугун, антүүгө Конституция жол бербестигин чет өлкөдөн келгендердин баки-жогуна айта берип Аскар Акаев тажагандай деле болду окшойт. А бирок да, Башмыйзам талабы деген түшүнүк Кыргызстанда 1990-жылы эле бузулган. Туңгуч президент бул жылы күзүндө «легендарлуу парламент» тарабынан шайланган. Анан эле 1991-жылдын октябрында жалпы элдик шайлоо өткөрүлгөн. Иши кылып, азыркы иштеп аткан президент биринчи мөөнөтүн кош шайлоо менен бекемдеген.

Дагы бир таңгалыштуу иш 1995-жылы өттү. Президент парламенттик шайлоодон бери 5 жыл өткөнүн айтып экинчи мөөнөткө шайланган. Мыйзам боюнча кийинки сынак 1996-жылдын соңунда өтүшү керек эле. 2000-жылкы шайлоого А.Акаев талапкер болуп катышууга укуктуу экенин Конституциялык сот аныктап берген. Эмдиги жылкы шайлоону утурлап дагы бир парламент депутаты Конституциялык сотко А.Акаевдин катышууга укугу бары-жогун аныктап берүү өтүнүчүн жолдоду. Аны АКШнын Мамлекеттик катчысынын орунбасары Ричард Армитиж менен кездешкенден кийин А.Акаев өзү мындайча түшүндүргөн:

- Алдыда болчу шайлоо тууралуу. Келерки жылдын шайлоосу кандай өтөрү жөнүндө мен бир нече ирет айткам. Ошол айткан сөзүмдө турам. Урматтуу журналисттер, демократиялык ишенимден кайтпасыма бир да жолу күдүк туудурганым жок. Экинчиден, айта кетейин, шайлоо Конституцияга ылайык өтөт. Конституциялык сотко өтүнүчтү президенттин тарапкерлери беришкен жок, тескерисинче оппозиция өкүлдөрү кайрылышты. Сиздерде президенттин тарапкерлери дагы бир жаңы мөөнөткө жол ачып атат дегендей ой болбошу керек, андай болбойт. Өтүнүчтү оппозиция жолдоду. Конституциялык соттун чечими кандай чыкпасын, мен дагы бир жолу айтып коеюн, шайлоону Башмыйзамга ылайык өткөрөбүз, ага өзгөртүү киргизиш оюбузда жок.

Эларалык кризис борборунун бүтүмү тууралуу Демократия жана атуулдук коом үчүн бейөкмөт уюмдар коалициясынын жетекчиси Эдил Байсалов пикирин мындайча билдирди:

- А.Акаевдин колдоочулары, үй-бүлө мүчөлөрү бир нече сценарийлерди изилдеп атышат. Булар шайлоого барбастан референдум аркылуу президенттик бийликтин күчүн азайтып, парламент институтун күчөтүү жөнүндө бир канча сценарийлерди иликтеп жатышат, деп айтылат Эларалык кризис борборунун отчетунда. Алардын пикиринде, кыргыз элитасынын көпчүлүгү мындай сценарийлерге каршы. Кыргызстандын президенттик шайлоосубу же парламенттик шайлообу, мунун сабагы жалпы өлкө үчүн эмес, бүтүндөй Орто Азия үчүн абыдан маанилүү болуп турат.

13-августта Афинада 28-олимпиадалык оюндар башталды. Аны көрүүгө 30 оюнчуну коштоп Кыргызстандан барандуу өкмөттүк делегация барды. Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Эшим Кутманалиев дүйнөлүк сынактан үмүтү чоң экенин билдирди.

- Европа, Азия таймаштарында жеңип чыгып лицензия алып олимпиадага катышуу укугун алган Кыргызстан спортчуларынын саны 30. Айта кетсек, күрөштөн - 8 балбан, жеңил атлетикадан - 7, сууда сүзүүдөн – 6, анан башка түрлөрүндө экиден, бирден. Кыргызстандын өкмөт башчысы, спорт комитеттен, депутаттар, мен өзүм да ушул делегация менен учуп атам. Элдин тилеги эле олимпиадада ийгиликке жетишип медаль алып келсеңер деген сөз. Биздин ишенген спортубуз күрөштөн. Себеби, биздин балдар дүйнөлүк чемпионаттарга катышып утуп жүрүшөт. Балдардын даярдыгы жакшы.

Эшим Кутманалиевдин айтымында, олимпиада оюндарында кыргыз спортчуларычоң байгелүү орундарга жетиши кыйын. Анын себеби, мамлекеттин шарты начар, спортко аз каражат бөлүнөт. Кийинки кездери спортчуларга сүрөөнчүлүк кылуу кыйла жандана баштады. Эгер ал жакшы оожалып кетсе андан кыргыз спорту утат эле. Социализм заманында 134 спорт мектеби иштечү. Азыр көп мектеп жок. Алардын ичинен онго жетпеген гана мектептер калды.

Кыргыз өкмөтү олимпиада оюндарында утукка ээ болуп алтын медаль алгандарга 50 миң доллар, күмүш медалчыга 30 миң доллар, коло медаль ээсине 20 миң доллар сүйүнчү пул убада кылганын айтып, эгер медалдар көп болуп кетсе өкмөттүн казынасы бөксөрүп калбайбы, деген сурообузга Эшим Кутманалиев мындай жооп узатты:

- Чындыгын айтканда көп медаль болбойт. Бир алтын же бир күмүш, болбосо бир коло медаль болуп калса бул өтө чоң жетишкендик болуп калмак. Өкмөт чочулабай эле койсун «бешөө алтын медаль алса 50 миң доллар акчаны кайдан табабыз» деп. Мынчасы күмүш медаль алып келет деп. Боло албайт. Сидней олимпиадасында бир эле балабыз 3-орунга чыккан.
XS
SM
MD
LG