Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Олимпиядадан соңку кабарга караганда...


Бүгүн эркектердин мергенчилик мелдешинде орусиялык Алексей Алипов, ал эми пистолеттен кур дүрмөт менен атууда украиналык Олена Костевых алтын медалдарды жеңип алды.

Ал эми кечээ Грециянын эң мыкты эки күлүгү наркотикалык текшерүүгө келбеген соң, алардын өлкөнүн олимпиядалык командасындагы мүчөлүгү убактылуу токтотулду. Костадинос Кентерис менен Екатерини Таноунун маселесин Эл аралык Олимпияда комитети эртеңки жыйынында караганы жатат. Мындан төрт жыл мурдагы Сидней оюндарында Кентерис 100 метрге чуркоодо алтын, Таноу 100 метрге чуркоодо күмүш медал алышкан эле.

Афиныдагы быйылкы Олимпияда оюндарында алгачкы алтын медалдарды кечээ кытайлык эки мерген утуп алды. Ли Ду 10 метрден атууда 10.6 упай алып, орусиялык Любовь Галкинаны жеңип алды. Ал эми Ваң Йи Фу эркектердин 10 метрден пистолеттен атуу мелдешинде орусиялык Михаил Неструевди 690 упай менен экинчи орунга калтырды. Мындан тышкары Нуржан Тайлан Түркиянын тарыхындагы алтын медал алган биринчи кыз болуп калды. 20 жаштагы Тайлан ишембиде 48 килограмдык категорияда 112 жарым киллограмды көтөрдү.

Юдо күрөшүндө жапандар аялдардын да, эркектердин да мелдешинде эч кимди алдыга чыгарышкан жок. Рйоко Тани менен Тадахиро Номура чемпиондор болуп калышты.

XS
SM
MD
LG