АКШнын түштүк-чыгышындагы жаратылыш кырсыгында дагы жүздөгөн киши дайынсыз жолголууда. Кыйракан салган "Чарли" деген бороондо шамалдын ылдамдыгы саатына 230 чакырымга жетип жатты. Миңдеген үйлөр талкаланып, миңдеген адам үй-жайсыз калды. Президент Буш Флоридада чукул абал жарыялады. Аймакка ал бүгүн келет деп күтүлүп жатат. Буштун иниси, Флориданын губернатору Жефф Буш штатка 15 миллиард доллар чыгым келтирилгенин билдирди.