Линктер

жума, 24-февраль, 2017 Бишкек убактысы 10:10

Палестин айыпкерлери ачкачылык жарыялашты


Израил түрмөлөрүндө отурган миңдеген палестиндер түрмө шартына ушундайча нааразылык билдиришүүдө. Израил Түрмө Кызматынын маалымат катчысы Иан Домництин билдиришинче, Израилдин аймагында кармалган 3 миң 800 чакты палестиндин жарымынан ашыгы нааразылык акциясына катышып жатат. Катчынын ырастоосунда, Батыш Жээктин аймагындагы израил түрмөлөрүндө отургандардын да жарымынан ашыгы тамак ичпей жатышат.
Израил бийликтери ачкачылык акциясынан майнап чыкпайт деп билдирүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG