Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Венесуэлада президент Чавездин келечегин аныктоочу референдум өтүп жатат


Шайлоо бекеттери таңкы саат алтыда ачылды, бирок добуш берүүгө шайлоочулар түн ортосунан эле кезекке тура башташты. Солчул президент Чавезге ишеним көрсөтүү референдумуна 14 миллион киши катышууга укуктуу. Алардын бири, Каракастын тургуну мындай деди:

- Айрымдарыбыз президентти колдойбуз, башкалар ага каршы добуш бергени жатышат. Биз бүт дүйнөгө нагыз демократиянын шартында жашаарыбызды көрсөтөбүз.

Чаверздин кызмат мөөнөтү эки жылдан кийин аяктайт, бирок ал референдумдан өтө албаса, 30 күндүн ичинде жаңы шайлоо жүргүзүлөт. Сурамжылоо көрсөткөндөй, Чавез жана аны Венесуэланын мунай байлыгын ысырап кылган диктатор деп айыптаган оппоненттери теңме-тең келатышат.

XS
SM
MD
LG