Америкалык аскерлер чопкуттуу техника менен шаарды көздөй чегингенде танктан ок атылып, бомба жарылып, ок атышуунун добушу угулуп турду. Ишемби күнү сүйлөшүү үзгүлтүккө учурап калгандан кийин, Ирактын убактылуу өкмөтү Нажафка каршы америкалык чабуулду кайра улантууга бүтүм кылган эле. Бүгүн ошондой эле Багдадда америкалык, голландиялык жана украиналык бирден аскердин курман болгондугу кабарланды.
Нажаф шаарында шийит куралчандары менен АКШ баштаган аскерлердин ортосундагы салгылаш кайра жанданды