Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

Багдадда Улуттук жыйын татаал кырдаалда ишин улантууда


Жыйындын ачылышында делегаттардын бири залдан туруп сүйлөп, Нажафтагы согушка каршы буларды билдирди:

- Шийиттер гана эмес, бардык ирактык атуулдар беймаза. Согушту дароо токтотуп, диалог башташ керек. Нажафтагы жергиликтүү бийлик, губернатор жана полиция башчысы отставкага кетсин. Биз конференциянын ийгилигин каалайбыз, бул бардык ирак атуулдары үчүн керек нерсе.

Мунун алдында Бириккен Улуттардын баш катчысынын атайын элчиси Ашраф Казим да сөз алган эле:

- 2005-жылдын 31-январындагы шайлоонун ийгилигин камсыздоочу, элдин ишенимине ээ болгон жана (коомду толук камтыган) убактылуу кеңешти шайлоо – силердин жалпы кызыкчылыгыңарга жооп берген милдет экени анык. Бул шайлоо келерки жылдын соңуна чейин Ирактын коnституциялык демократияга өтүшүнө өбөлгө болмокчу.

Багдаддагы конференциянын коопсуздугу катуу көзөмөлгө алынууда. Ошого карабастан, жыйын өтүп жаткан жайга жакын жерде бир нече жардыруу болду. Кеминде бир киши каза таап, бир нечеси жараат алды. Конференциянын ишине Ирактын саясий партияларынан, атуулдук жана диний уюмдардан 1300дөй делегат катышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG