Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

ИНДИЯ КАШМИР МАСЕЛЕСИ БОЮНЧА ЧЫР-ЧАТАКТЫ ЖӨНГӨ САЛУУ АРАКЕТИНДЕ


Азиза Турдуева, Прага Индия Кашмир чыр-чатагына байланыштуу маселени жөнгө салуу боюнча аракеттерди көрүүдө. Бүгүн Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх өлкөнүн көз карандысыздыгынын күнүнө карата жасаган кайрылуусунда да бул жөнүндө өзгөчө белгиледи. Индия менен Пакистандын эксперттери Кашмир аймагына байланыштуу талаш маселени тынчтык жол менен чечүү үчүн эки тарап тең компромистүү маанайды карманууга тийиш деген пикирлерин айтышууда.

Бүгүн Индиянын көз карандысыздыгынын күнү белгиленди. Индия калкынын саны боюнча Кытайдан кийин экинчи орунда турат. Соңку маалыматтар боюнча өлкөдө 1 млдрка жакын адам жашайт. Индия 150 жылга чукул мезгил ичи Улуу Британиянын колониясы болуп келген. Ал эми Кашмир чыр-чатагы 1947-жылы Индостан субконтинентинде эки көз карандысыз өлкө - Индия менен Пакистан пайда болгондон бери эле уланып келе жатат.

Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх бүгүн өлкөнүн көз карандысыздыгынын күнүнө карата Индиянын куралдуу күчтөрүнүн алдында сүйлөгөн сөзүндө коңшу Пакистан менен сүйлөшүүлөр мындан ары да улантыла тургандыгы жөнүндө билдирди:

- Биз Пакистан менен болгон бардык талаш-тартыштуу маселелерди диалог аркылуу чечүүгө аракет кылып жатабыз. Мындан ары да, биз Пакистан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантабыз. Бирок, ал үчүн эки тарап тең, бири бирине өз ара ишенимин чыңдоого тийиш. Албетте, сүйлөшүү жараяндарга уланып жаткан террорчулук өз таасирин тийгизээри шексиз, - деди Манмохан Сингх.

Чындыгында эле Индия менен Пакистанда жардыруулар жана террорчулук иш-аракеттер көп орун алып келгендиги жашыруун эмес. Кечээ эле, Гоирипуре штатында жардыруу болуп, андан 4 адам набыт кетти. Ал эми бүгүн болсо, Демажи шаарында орун алган жардыруудан  адам набыт кетип, 15ке жакыны жаракат алды. Индиянын премьер-министри өз кайрылуусунда ошондой эле террорчулукка каршы биргелешип күрөшүүнүн зарылдыгына токтолду:

- Террорчулук биздин жашообузга күн сайын коркунуч туудурган көрүнүшкө айланды. Биз буга каршы биргелешип, күрөшүүбүз зарыл. Зордук-зомбулук кандай гана цивилизация болбосун, анын өнүгүшүнө тоскоолдук көрсөтөт. Биз буга каршы бүт күч аракеттерибизди жумшайбыз. Зомбулук жолунан баш тарткан топтор менен биз сүйлөшүүгө даярбыз, - деди Индиянын премьер-министри Сингх.

Кашмир маселеси боюнча Пакистан менен Индиянын ортосундагы сүйлөшүүлөр соңку үч жылдан бери жогорку деңгээлде эми гана жандана баштады. Июнь айынын аягында Делиде жана өткөн аптанын башында Исламабадда Индия менен Пакистандын ортосунда Кашмир маселеси боюнча болгон сүйлөшүүлөрдү айрым серепчилер Кашмир чатагын жөнгө салуудагы биринчи кадам катары баалашты.

Бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы катары кабыл алынган билдирүүдө тараптардын эки өлкөнүн ортосундагы бардык талаш-тартыштуу маселелердин, алардын ичинде Кашмир маселесинин да тынчтык жол менен жөнгө салынышына ишенимдери билдирилген. Анда Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлери Кашмир маселесин тынчтык жол менен чечүү боюнча эки тараптуу диалогду улантуу жөнүндө макулдашышкан. Ошондой эле Исламабадда кайрадан Индиянын элчилигин, ал эми Делиде Пакистандын элчилигин ачуу жөнүндөгү чечимдер кабыл алынган. Бомбей менен Карачидеги консулдуктар да кайрадан өз ишин улантмак болгон жана мындай чечимди өзгөчө чекаранын эки жагында бөлүнүп калып калган үй-бүлөлөр чоң кубаныч менен кабыл алган. Элчиликтер менен консулдуктар 1994-жылы жабылган болчу. Бул сүйлөшүүлөрдө тараптар эки өлкөнүн тиешелүү кызматтары террорчулукка жана баңчиликке каршы биргелешип күрөшүүнү кеңейтүү тууралуу макулдашты. Пакистан өкмөтү камакка алынган 447 индиялык балыкчы 15-сентябрьга чейин бошотулат деп билдирди.

Айрым серепчилер Кашмир маселеси боюнча соңку эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жетишкендик деп баалоо азырынча эртелик кылат деген пикирде.
Пакистан менен Индиянын эксперттери Кашмир маселеси боюнча сүйлөшүүлөр оор жана узак мөөнөттү талап кыла тургандыгы жөнүндө айтышууда.

Пакистандын президенти Первез Мушарраф да, Кашмир маселеси боюнча натыйжалуу чечимге келүү кыйын экендигин бир нече ирет айткан.
Кашмир маселеси Түштүк азия аймагындагы жарым кылымдан бери чечилбей келе жаткан опурталдуу талаш-тартыштуу маселелердин бири болуп саналат.
Индия менен Пакистан Кашмир чатагына байланыштуу эки ирет согушкан.
Миңдеген козголоңчулар 1989-жылы Индиянын көзөмөлүндөгү Кашмирдин бийлик өкүлдөрүнө каршы күрөшүп, анын натыйжасында 5 миңге жакын адам набыт кеткен. Расмий Дели бул козголоңду уюштурууда Пакистанды күнөөлөп чыккан. Ал эми Исламабад болсо, козголоңду эркиндик үчүн күрөш катары баалаган.
Индия Кашмирдин 4 пайызын көзөмөлдөйт. Пакистандын көзөмөлүнө бул аймактын 35 пайызы карайт. Ал эми Кытай Эл Республикасы аймактын калган 19 пайызын өзүнүн көзөмөлүнө алган. Эл аралык коомчулук өзөктүк куралдарга ээ бул эки өлкөнүн ортосундагы чыр-чатактуу маселе боюнча сүйлөшүү жараяндарына дыкат көңүл буруп келет. Кашмир маселеси боюнча Индия менен Пакистандын ортосундагы сүйлөшүүлөр сентябрь айында улантылат.
XS
SM
MD
LG