Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

ИШЕНБАЙ КАДЫРБЕКОВ: ПРЕЗИДЕНТ КАЛЫС ШАЙЛОО БОЛУШУНА ЖОЛ САЛЫП БЕРДИ


Сарыгулова Бурулкан, Бишкек Кризистерди алдын алуу боюнча эл аралык топ 11-августта Кыргызстандын cаясий өткөөл учуру, проблемалары жана келечеги тууралуу отчет жарыялады. Бул отчетто Кыргызстандагы келерки шайлоо өнөктүктөрү Борбор Азиянын мындан ары демократиялык жол менен илгерилешине олуттуу таасир бериши ыктымал деген божомол айтылат. Ошондой эле отчет саясий өнөктүктөрдө мыйзамсыз аракеттерге баруу Кыргызстанга бериле турган эл аралык уюмдардын колдоосун чектеп коюшун да жокко чыгарбайт. Эл аралык уюмдун жарыялаган жаңы отчетуна өз пикирин билдирген кыргызстандык саясатчылардын бири Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбеков болду.

- Ишенбай, мырза Эл аралык кризисттик топтун отчетунда Кыргызстандагы саясатка байланыштуу бардык башка маселелер менен катар президент Аскар Акаевдин шайлоого катышар-катышпасы тууралуу да кыйла сөз болгон экен. Маселен, эгер, Аскар Акаев президенттиктен кетпесе эл толкуп кетиши ыктымал деген өңдүү. Уюмдун ушул божомолуна кандай ойдосуз? Дегеле уюмдун Кыргызстандын саясатына берген баасынын акыйкаттыгы канчалык деңгээлде деп ойлойсуз?

- Aкаевдин жумуштан кетер-кетпесин эл чечет. Эгер мөөнөтү бүткөндөн кийин эл шайлап койсо (эгер талапкердигин койсо), президент болуп иштей берет (биринчи жолу). Акаев тарапты токтотуп турган бир гана Коституциянын мурунку чечими болуп атат. Үчүнчү мөөнөткө чыгып атканда Конституциялык сот экинчи гана жолу шайланып атат деп чечимин чыгарган. Экинчи жолу - референдумдун күчү Конституциядан чоңураак дегендей мааниде узарталы деп референдум кылуу. Референдумдун андай күчү жок. Анын Конституцияны өзгөртүүгө күчү бар. Эгер Конституцияга өзгөртүү киргизип, 7 же 10 жылга деп сунуш кыла турган болсо, Конституциянын түп-тамыры өзгөрөт да, Акаевди кайра башынан биринчиден баштап шайлаганга болуп калат. Бул жол мүмкүн бар. Бирок, мунун арты кандай болот? Талдоочулар туура айтышат, арты кыйын болот. Ошондой жол менен болгондо да эл толкуп кетиши мүмкүн. Эл чарчады. Өзгөчө коңшу мамлекеттердин экономикалык -социалдык маселелери жакшы чечилип атканда, биздики катуу абалда болуп атканда эл жарылып кетиши мүмкүн. Кээ бирлери азыр оппозиция унчукпай атпайбы деп айтат. Бул жөн эле тышкы көрүнүш. Аксыда боло турган окуяда деле элдер унчукпай, эч нерсе билбей эле отурган болчу. Бирок, шылтоо болгондо эл көтөрүлүп кетти. Ошондуктан, бул жерде деле оппозиция дагы, Акаевдин тегерегинде турган кишилер дагы каршы кыймыл кылышы мүмкүн. Ачык болбосо да, жашыруун түрдө. Үчүнчү маселе –демократия. Кыргызстанда үчүнчү мөөнөткө кеткенде эле демократиянын негизги принциби бүткөн. Демократиялык жолдон тайып, башка жолго кеткендин башы болчу. Чет өлкөлүктөр буга кандай маани бериши мүмкүн? Чет өлкөлүктөр Кыргызстанда демократия куруп атабыз деген жөн эле сөз экенин байкап калчу болсо, анда алардын мамилеси курч болуп калат. Анда экономикалык жактан биз кыйын абалда болуп калабыз. Себеби, биз ошол эле чет өлкөлүктөрдөн алган 1 миллиарддан ашык (доллар) карызга жашап атабыз. Жыл сайын алар транш катары бир топ акчаларды берип отурушат. Алар аны токтотуп койсо, анда бизде экономикалык кризис болот.

- Борбор Азияга байланыштырып атышпайбы, Акаевдин кетиш-калышын. Сиз кандай деп ойлойсуз?

- Борбор Азиядагы бүгүнкү падышалар, колдон келишинче Акаевди калтырууга аракет кылышат. Үй-бүлөсү да, тегерегиндегилер да ушундай кылышат. Эгер Кыргызстанда бийлик алмашып калса, анда Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан мамлекеттерине кыйын болуп калат. Прецедент (үлгү) болуп калат. Жаңы башталып калып атат. Алмаштыруу процесси болуп калат. Буга чоң таасир этерин билип туруп Каримов да, Назарбаев да, Рахмонов да колунан келишинче Акаевдин тегерегиндеги үй-бүлөнү колдонобу, башка күчтү колдонобу, калтырганга, референдум ойлоп чыкканга жол табышат. Алар өз жанын ойлоп атышат.

- Ушундай жагдай чын эле Борбор Азияны авторитардык регион катары башка чоң дүйнөдөн ажыратышы мүмкүнбү?

- Эгер ушул жол менен кетип калса, анда Борбор Азиядагы чоң өзгөрүүгө таасир этет. Экономикасы аз, кичинекей мамлекет болгону менен, саясий таасири чоң.

- Дагы бир суроо. Акаевди калтыруу үчүн чын эле үй-бүлөсү, жакындары жанагыдай жолдорду издеп атканына сиз саясатчы катары ишенесизби?

- Муну туура түшүнсө болот. Мисалы, өзгөчө Азияда кайсы гана бийликтегилер өз ыктыяры менен бийликти берип коет? Бийлик деген бул да кадимки маңзаттай да. Эч кимиси бергиси келбейт. Себеби, бийлик алмашып калса Грузиядагыдай көп кыйынчылык болуп калат. Ошондуктан, алар колунан келишинче, өз бийлигин колуна кармап калуу үчүн ар кандай амалдарды издеп атканын түшүнсө болот. Мунун жолу референдум, экинчи жолу парламентке өз күчтөрүн алып келип, өзүнүн талапкерлерин депутат кылып алып келип, анан Конституцияны өзгөртүү деген тактиканы эчак эле башташкан. Маселен, «Алга Кыргызстан», «Адилет», «Биримдик», башка партиялары чогулуп отуруп, алардын атынан депутаттарды алып келип, Конституцияны өзгөртүп, өз бийлигин калтырып коюуну. Бул оңой эле. Конституцияны өзгөртөт да, парламенттик республика кылып коет. Үстөмдүк парламент менен аткаруу бийлиги болуп калат. Президент болсо Индиядагыдай, Германиядагыдай ардактуу кызмат болуп калат да, парламент болсо Конституциянын механизми өзгөргөндөн кийин Акаевди президент кылып шайлап коюшу мүмкүн. Аларга шайланыштын деле кереги жок. Эмне үчүн дегенде ким премьер министр болсо ошол мамлекетти башкарып калат. Бул тактика менен алар келатышат. Бирок, элдин да башка ою бар да. Элди кээде баалай албайбыз да…

- Тарапкерлери жактап атат. Бирок, президент Акаев өзү Конституция анын келерки шайлоого барышына жол бербей турганын эки-үч жолу айтпадыбы?

- Мен бир гана нерсени айтайын, менин жеке оюмда Акаев жаңы шайлоого чыкпайт. Мыйзамдарга акыркы мамилелери көрсөтүп атат. Чоң мыйзамдарга өзгөрүү болуп атат. Шайлоо кодексине кол койгондон кийин, чындыгында эле мен оппозиция болсом да калыс пикиримди айтып коюшум керек, президент калыс шайлоо болушуна, административдик ресурстардын аз болушуна жол салып берди. Башкача айтканда, парламенттин сунушун колдоп, кол коюп берди. Бул кадамдары президент чын эле чыкпай, кийинки чыккан ушул күч менен элдин добушун алып кетерин айтып турат. Эми ал киши өзү да айтып атат, ою так болуп атат. Бирок, тегеректегилердин ой-пикири башка болуп атканын түшүп эле атпайбызбы. Эгер президент көгөрүп жок чыкпайм деп туруп алса, жанындагы кишилер өздөрүнүн талапкердигин коюшу мүмкүн.

- Акаев өзүнө мураскор дайындайт экен деген пикирлер да айтылып жүрбөйбү? Ага кандай карайсыз?

- Ар бир инсан, президент болобу, 10-15 жылдан бери алып келаткан саясаты катуу өзгөрбөс үчүн жакын кишилерин коюуга умтулат. Бирок, Акаевдин башка теориясы бар, менин оюмча. Бул киши Макиавелли чоң окумуштуудан окуган, «Теория государственной власти» дегенден. Ал жерде принциптер башка. Ошол принциптин негизинде иштеп келаткандай сезилет. Анда жакын, ишене турган адамы калбай калды. Себеби, ишенип, жакында эле жумушка алып, бирдеме жасатайын десе эле биртике көнгөндөн кийин тескери жакка бурулуп кетип атышпайбы. Ошондуктан, бүгүнкү күндө чыпалак менен көрсөтүп, мына бул мүмкүн мураскор болот деген ал кишинин талапкери жок.

- Мураскор дайындашы мүмкүн эмес деп эсептейсизби?

- Кеп анда эмес. Бүгүн болбосо эртең болушу мүмкүн. Мүмкүн жаңы губернатор кылып койгон адамдар, биринчи этабын өткөрүп, анан кийин өкмөттө Танаевдин ордуна алып келип коюп, анан даярдашы мүмкүн. Ал кишилер азыр Путиндей болуп, башы көрүнбөгөнү менен, кийин шайлоого жакын калганда чыгарышы мүмкүн. Биз мураскор болот десе эле тегерегиндегини ойлоп атпайбызбы. Ал экинчи эшелонду карап коюшу мүмкүн. Мумкүн тандап койгондур. Бирок, ал көрүнбөй атат. Мага да, сизге да, эч кимге көрүнбөй атат. Ошон үчүн жок деп атабыз.

- Маегиңиз үчүн рахмат.
XS
SM
MD
LG