Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

АКШ президенти Европа менен Азиядагы америкалык аскерлерди кайра жайгаштыруу планын жарыялайт


АКШнын Коргоо министри Дональд Рамсфелддин билдиргенине караганда, президент Жорж Буш бүгүн жарыялаары күтүлүп жаткан план Германия менен Европанын түндүгүнөн америкалык аскерлерди чыгарып кетүүнү карайт. Анткен менен Рамсфелддин айтымында, Германиядага аскерий базалардын кээ бирлери сакталмакчы. АКШ Коргоо министри аларда аскерлерди эми Балтиканын НАТОго мүчө өлкөлөрүнө алып келүү планы жок экенин кошумчалады. Дональд Рамсфелд аскерлерди жайгаштыруу маселесин кечээ Санкт-Петербургда Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов менен болгон сүйлөшүүлөрүндө да талкуулаган. Америкалык расмий өкүлдөрүдүн айтымында, аскерлерди кайра жайгаштыруу- аларды кансыз согуш доордогу абалдан өзгөртүп, исламчыл террорчуларга каршы күрөштү натыйжалуу кылгандай шартка алып келүү максатын көздөйт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG