Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Ирактын бийликтери журналисттерге Нажафтан кетүүгө көрсөтмө берди


Мындай көрсөтмө АКШ баштаган күчтөрдүн Нажафтагы согушкерлерге чабуулу кайра башталган кезде берилип олтурат. Мурдараак Ирактын премьер- министри Ияд Аллави Наджаф шаарындагы козголоңчулардын эч шартсыз багынуусун талап кылган эле. Аллавинин билдиргенине караганда, шийиттердин радикал динаятчысы Муктада ас-Садрдын тарапкерлери бул ыйык шаардан чыгып кетиши жана сүйлөшүү башташы керек. Кечээ Нажафта, имам Али күмбөзүнүн айланасында согушкерлер менен америкалык жана ирактык аскерлердин маал-маал атышуусу орун алды. Моктада ас- Садр өз жактоочулары менен ошол күбөздүн ичинде баш калкалоодо.
Ал эми Багдадда өлкөнүн утурмдук өкмөтүнүн ишине көзөмөл салуучу улуттук кеңештин мүчөлөрүн шайлоочу конференцияга 1000ден ашуун делегат чогулду. Багдаддын конференция өтүп жаткан, бекем кайтарылган "Жашыл зона" аймагына жакын жерде минемоттун огунан кечээ кеминде эки адам каза тапкан. Ирак башкалаасындагы кечээги жарылуулар менен кол салуулардан АКШ, Украина, Голландиянын бирден аскери да мерт болду.

XS
SM
MD
LG