Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:16

АКШнын СОГУШТУК БАЗАЛАРЫ ОРУСИЯНЫН КЫЙЫРЫНА ЖАКЫН ЖЕРЛЕРГЕ КӨЧҮРҮЛӨТ


Муса Мураталиев, Москва Америкалык аскерлер дүйнөнүн көптөгөн булуң бурчуна жайгаштырылат. Маселен, Германиядагы аскер бөлүктөрүбүздүн кыйласы АКШга жана башка өлкөлөргө көчүрүлмөкчү. Мындай маалыматты АКШнын коргоо министри Доналд Рамсфелд Санкт-Петербургада Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов менен болгон жолугушуудан кийин айткан. Рамсфелддин Орусиядагы визити учурунда эки министр ортосунда коопсуздукту чыңдоо, элди массалуу түрдө кыруучу куралдарды жайылтпоо, грузин-осетин кагылышы, Абхазиядагы, Ирактагы жана Ооганстандагы жагдай жана башка маселелер талкууланган.

Санкт-Петербургда бир өргүп, орусиялык кесиптеши Сергей Иванов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп кайра аттанып атып, Рамсфелд мырза, Америка өз аскерлерин батыштан чыгарып кете тургандыгын жарыя кылган. Германиядагы жүз миңдей аскер кызматындагылар чыгарылып, кыйласы Американын чегинде кызмат өтөп калганы: Чыгышта өлкөлөргө ошондой эле жер жүзүнүн кыйла булуң бурчуна көчүрүлө тургандыгын айткан. Аларды көчүрүү 6 жыл ичинде ишке аша тургандыгын кошо көргөзгөн. “Биздин күч чет элдик өкүмөттөр менен маакулдашуубуз бар жерлерде, биз абдан керек болгон жерлерде болушун каалайбыз”, - деген АКШнын коргоо министри.

Орусиялык көзкарандысыз анализчи Павел Фелгенгауэр пикири боюнча дүйнө жүзүндө кара жоо түсү түрү өзгөргөнгө байланыштуу болуп аткан өзгөрүлүү.

- Согуш бул күндө эл аралык террорчулук менен жүрүп атат. Ал жоо - бардык жерде болуучу ошол эле учурда эч жерде жолукпачудай көрүнгөн жоо болуп атат. Ошондуктан аны менен күрөшүү үчүн Кошмо Штаттары мурдагыга караганда ийкемдүү системага өткөн, - дейт ал.

АКШнын коргоо министри да бул, баарыдан мурда, Американын эл аралык террорчулук менен кармашууга бел байлап чыгышынан улам болуп атат деп Ивановго айтып кеткен.

Эки министрдин сүйлөшүүлөрү кыйла маселелер айлансында болгон, бирок ИТАР-ТАСС агенттигине айткан пикиринде Сергей Иванов: “Орусия менен АКШ “бири-бирине жоо эмес, бирок, кантсе да, бирине бири союздаш да боло элек”, - деген. Орусиялык куралдуу күчтөр борбуюнун толушу катары министр Сергей Иванов жакында өткөргөн “Кыйыр – 2004” машыгууну алган:

- Маселен, Кыргызстанда өткөрүлгөн машыгууну алалы. Ага биз көптөгөн аскерди катыштыруудан биз баш тарттык. Биз аскерлердин аз болуп, бирок кесибин жакшы аткара билүүсүнө көңүл бурдук... Башкача айтканда, аскерлердин саны менен эмес акылы менен согуша билүүсүнө көңүл бурдук.

Орусиялык биринчи сыналгы каналы аркалуу сүйлөгөн кебинде Рамсфелд визит учурунда өткөн сүйлөшүүлөр туурасында мындай деген эле:

- Биздин сүйлөшүүлөр аскерий чөйрөдөгү бир нече тепкичтеги маселелерди кучагына алды. Көч башындагы кеп – эл аралык террорчулук менен күрөшүү болду. Ошондой эле биздин өлкөлөр дуушар болуп атышкан, ал өңдөнгөн терорчулар колуна кишилерди массалуу түрдө кыруучу куралдардын түшүп кетпеши болду.

Орусиялык анализчилер айтканга караганда бул америкалык аскерлердин “кансыз согуштан” берки биринчи жолку эң ири бир жерден экинчи жерге көчүрүлүшү ошону менен катар америкалык куралдуу күчтүн Орусия кыйырына абдан чукул конушу болот

XS
SM
MD
LG