Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Ыссыккөл районундагы Торуайгыр айылында ресурстук борбор ачылды


КАРАКОЛ. Бул айылдагы ресурстук борбор жергиликтүү республикалык жана дүйнөлүк деңгээлдеги жаңылыктар менен элеттиктерди тааныштыруу, алардын маалымат алуу чөйрөсүн өстүрүү максатында ачылды. Ошондой эле борбордо компьютер үйрөнүүгө дилгир жаштар үчүн шарт түзүлдү. Ресурстук борборго республиканын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестиция агенттиги 142 миң 150 сом акчалай жардам көрсөттү. Ал эми айылдагы жамаат мүчөлөрү 35 миң 538 сом чогултушуп, борборго керектүү жабдууларды сатып алышты. «Ортого чогулган акчага сарамжалдуулук менен мамиле жасалып, келечекте интернетке чыгуу, электрондук почта байланышын түзүү максатын көздөдөөбүз», - дейт чакан долбоордун өкүлү Алтын Абирова.

XS
SM
MD
LG