Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

Соңкөлдөн балык уулоону токтотууга Айыл, суу чарба министрлиги менен Токой кызматы аракеттенбей жатат


НАРЫН. Мындай маалыматты депутаттардын Нарын облустук кеңешинин төрагасы Кубатбек Акматбеков 16-август күнү билдирди. Анын айтымында, 2004-2005-жылдарда Соңкөлдөн балык алууга тыюу салынгандыгына карабастан, Айыл чарба министринин орун басары Баялин Байтемиров Соңкөл балык чарбасынын жана «Каракол балыгы» жоопкерчилиги чектелген коомунун 3-августка чейин Соңкөлдө иштеп туруу өтүнүчүн мамлекеттик токой кызматына жолдогон. Натыйжада, жогорудагы эки субъект Соңкөлдөн торлорду тазалоо, кайыктарды жыйноо шылтоосу менен көчүп кете электиги өткөн аптада жасалган рейд учурунда аныкталды. Айыл чарба министрлиги жана токой кызматы жергиликтүү бийлик менен эч макулдашкан жок. «Ушундан улам Соңкөлдөн балык алуучу тараптар толук көчүрүлбөй, торлордун баары жыйналбай жатат», - деген Кубатбек Акматбеков 20-августка чейин Соңкөлдөн балык алуучуларды мүлдө көчүрүү үчүн жергиликтүү бийлик аракеттенерин маалымдады. Белгилей кетчү жагдай, жыл башында Соңкөлдөн балык алууга эки жылдык мөөнөткө мораторий жарыяланган.

XS
SM
MD
LG