Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:03

Кытай делегациясы мекенине кетти


БИШКЕК. Кытайдын Коргоо министрлигинин Синьцзян аскердик округунун башчысынын орун басары генерал-майор Лю Юн жетектеген делегациянын Кыргызстанга жасаган сапары бүгүн соңуна чыкты. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кытай аскерий делегациясынын башчысы Бишкекте коргоо министри Эсен Топоев, Улуттук гвардиянын башчысы Абдыгул Чотбаев жана Чек ара кызматынын башчысы Калмурат Садиев менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр өткөргөн. Кытай делегациясы Кыргызстанга 13-августта келген эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG