Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:55

Илимпоздорго мамлекеттик сыйлык берилди


БИШКЕК. Кыргызстандын илим жана техника жаатындагы 2004-жылдагы мамлекеттик сыйлыгы 36 окумуштууга ыйгарылды. Ага негиз берген жардыкка президент кол койгондугун бүгүн президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Жардыкка ылайык Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында радиолинейлик байланыш тармагын түзгөндүгү үчүн Транспорт жана коммуникация министри, академик Кубанычбек Жумалиев баштаган 10 окумуштуу менен адис, азыркы учурдун спутниктик жана байланыштын оптикалык тармагынын негизинде кыргыздын компьютердик илимий жана билим берүү системасын түзгөндүгү үчүн академик Аскар Кутанов баштаган 4 адис сыйлыкка татышты. Орто мектептерде физика сабагын окутуу боюнча кыргыз тилиндеги окуу китептерин түзгөндүгү үчүн сыйлык 5 окумуштууга, өзбек тилиндеги мектептер үчүн түзүлгөн окуу китеби үчүн 7 адамга берилди. Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык «Кыргыз адабиятынын тарыхы» деген жети томдук үчүн Улуттук Илимдер академиясынын Манас таануу жана көркөм маданият институтунун 10 окумуштуусуна берилди.

XS
SM
MD
LG