Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Тышкы иштер министрлиги орун которууда


БИШКЕК. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги жаңы конушка көчө баштады. Бул тууралуу министрликтин аппарат башчысы Мелис Сыдыков бүгүн билдирди. Анын айтымында, министрлик Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети ээлеп келген Эркиндик-57 дарегиндеги имаратка көчүүдө. Тышкы иштер министрлигин жаңы конушка көчүрүү тууралуу өкмөт токтому 2000-жылы чыккан. Бирок, ар кандай
себептерге байланыштуу ал аткарылбай келген. Министрликтин имаратына болсо Борборшайлооком келип жайгаша баштады. Ал эми мамлекеттик мүлктү башкаруу комитети борбордун Москва жана Исанов көчөлүрүнүн кесилишиндеги имаратка көчүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG