Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:22

Казакстан менен Кыргызстандын соодагерлерине ким каршы?


БИШКЕК. 15-августтан 16-августка ооган түнү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы текшерип өткөрүү пункттарында эч кандай чыр-чатак болгон жок. Мындай маалымат бүгүн Чек ара кызматынын басма сөз кызматынан алынды. Чек ара кызматы мындай маалыматты «Центра.ру» аттуу Интернет гезитине жарыяланган катка байланыштуу таратты. «Центра.ру» Интернет гезити аты белгисиз бир адамдын 15-августтан 16сына караган түнү эки өлкөнүн Георгиевка, Чалдыбар чек ара постторунда 50 автобуска түшкөн соодагерлер менен Казакстандын кылмыштуу топторунун ортосунда териштирүү болорун кабарлаган катын жарыялаган. Катта мындай териштирүүгө Казакстандын кылмыштуу топторунун Бишкектин «Дордой» базарынан товар алган соодагерлерге тоскоолдук кылып, товарларын Казакстандын Кордойдогу ири базарына өткөрбөө аракети түрткү бергендиги айтылган. Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү «эгер андай териштирүү байкалса атайын бөлүктүн жоокерлери тынчтык жол менен жөнгө салууга жарамдуу» экендигин да кошумчалады.

XS
SM
MD
LG