Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

БУУнун глобалдык фондусунун өкүлү Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга БУУнун СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүүгө багытталган Глобалдык фондусунун Кыргызстан боюнча менеджер куратору Валерий Чернявский иш сапар менен келди. Мындай маалымат «СПИД» республикалык бирикмесининин башчысы Борис Шапиродон алынды. Анын билдирүүсү боюнча, Чернявскийдин сапарынын максаты Глобалдык фонд тарабынан Кыргызстанга ушул жылдын башында берилген 283 миң доллардын кандай сарпталгандыгын тактоо жана келерки траншты берүүгө өбөлгө берчү жагдайды аныктоо. Валерий Чернявский бул маселелерди өкмөт жетекчилери жана тиешелүү министрлик өкүлдөрү менен жолугушууларда талкуулайт. Глобалдык фонд өкүлү биринчи транш менен берилген каражат натыйжалуу пайдаланылган деген бүтүмгө келсе, СПИД, кургак учук жана безгек ооруларына каршы күрөшүү үчүн Кыргызстанга дагы жарым миллион доллар берилет. Фонддун беш жылга белгиленген бул программасынын алкагында Кыргызстанга жалпы жонунан 17 миллион доллар бөлүү каралган.

XS
SM
MD
LG