Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

ДИНИЙ КӨЗ КАРАШТАР


Султан Раев, Бишкек Борбор Азия өлкөлөр арасында Кыргызстан дин саясатына өтө либералдуу мамиле жасаган өлкө катары эсептелет. Анын ачык-айкын көрүнүшү катары өлкөдөгү диний толерантуулукту, башкача айтканда сабырдуулукту башка диндер менен болгон алака-катышты, дин тутуу эркиндигин, диний көз караштар жагынан кугунтуктоолор жоктугун айтууга болот. Бүгүн өлкөдөгү диний сабырдуулук эч кандай диний экстремизмдин жандануусуна негиз бербейт.

Кыргызстандагы дин саясаты, мамлекет менен диндин алака-катышы өлкөнүн баш мыйзамынын негизинде жүргүзүлөт. Дин мамлекеттик иштерге кийлигишпегендей эле, өлкө саясатынын негизги багытын аныктоодо дин тарабынан кандайдыр таасир этүүнүн аракети байкалбайт. Мамлекет өлкөдөгү салттуу дин менен катары бир катарда келаткан башка диндердин ишмердүүлүгүнө кийлигишпестен, тескерисинче, ушул таптагы ар кандай диний багыттардын, агымдардын диалогуна негиз салуу менен өлкөдөгү диний стабилдүүлүктүн башкы таянычы болуп келет. Өлкөдө бул милдетти аткаруу багытында мамлекеттик деңгээлде атайын өкмөт алдында 1996-жылы дин иштери боюнча комиссия уюштурулган. Кыргызстанда диний экстремисттик маанайдын жоктугун да байкоочулар өлкөдөгү динге карата жүргүзүлгөн саясаттын натыйжасы катары карашат. Диний туруктуулуктун башкы таянычы катары өлкөдөгү дин саясаты гана эмес, ага болгон толеранттуулук маселесин да өзгөчө баса белгилешет байкоочулар. Баш кеңсеси Вашингтондо жайгашкан Кыргызстандагы "Диний эркиндик" коомунун президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алишер Сабиров бул маселеге карата өз оюн:

- Мамлекет менен диндин байланышы демократиянын негизинде толеранттуулукту өркүндөтүү жолу менен дүйнөлүк стандарттын талабына ылайык өнүгүп келүүдө. Өлкөдө негизги салттуу дин менен бир катар эле Кыргыз Республикасындагы башка жаңы конвенциялар диний агымлар менен диалогду түзүүгө аракет жасап келебиз, - деди Алишер Сабиров.

Ырас, Кыргызстан динге карата либералдуу саясатты тутунуп келет. Бирок, айрым байкоочулардын айтымында кээ бир диний агымдар, мисионерлер өлкөнүн дин тутуу эркиндиги жөнүндөгү мыйзамын одоно бузуу жолу менен, ал гана өлкөдөгү салттуу динди урматтабастан, тескерисинче, өлкөдөгү диний толерантулукту түздөн-түз бетке кармап, ага көз боемочулук мамиле жасап келаткандыгын да байкоочулар тынчсыздануу менен белгилешет. Алардын айтуусунда мындай аракеттер мыйзам рамкасынан ары чыгып кете турган болсо, алар өлкөдөгү диний карама-каршылыкты шартташы мүмкүн. Бул багытта өз көз карашын "Салам" диний коомдук уюмунун президенти Шамсудин Абдыкадыр уулу:

- Толерантуулук маселесине келсек, кээ бир диндин өкүлдөрү толерантуулукту аша чаап пайдаланып, мындайча айтканда чектен чыгып кетип жатышат. Мисалы, мен бир сектанын бланкасын көрдүм, Кыргызстандын картасынын үстүнө олчойтуп крестти тартып коюптур. Мусулмандар ага эч кандай сөз айтпоо керек. Ошондуктан бул жерде толерантуулук деп эле ар бир дин өкүлдөрү өздөрүнүн дин намысын төккөн, өз билген ишин кылганда өзүнүн пикирин тайманбастан билдирип, бул нерсе мүмкүн эмес десе бул толерантуулукту бузгандык болбосо керек. Менин оюмча, Кыргызстанга келген секталар толерантуулукка жамынып алып чектен аша чапкан аракеттерди кылууда.

Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөр арасында диний туруктуулуктун өлкөсү катары калышы мүмкүн, эгерде сот органдары тарабынан өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган "Хизб-ут тахрир" диний саясий партиясы өлкөнүн мыйзамына туура келбеген аракеттерди жасай турган болсо, дейт байкоочулар.
XS
SM
MD
LG