Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

КЫРГЫЗДЫН ОЛИМПИАДА СЫЯКТУУ СПОРТ ОЮНДАРЫ БОЛГОНБУ?


Олимпиадалык спорт оюндарынын мекени болгон Грецияда кайрадан спорт майрамы орноп, жайкы олимпиада таймашы башталды. Ушундан улам кыргыз тарыхында олимпиада сыяктуу спорт оюндары болгонбу, болсо анда ал кандай нукта жүргөн?

Олимпиадалык спорт оюндарынын анык мекени Греция саналып, эч бир эл андан спорт мелдешин өткөрүү боюнча биринчиликти талаша албайт. Анткен менен адегендеги олимпиадалык оюндар менен азыркы спорттук таймаш түрлөрүн салыштырып болбойт. Жыл өткөн сайын олимпиадалык таймашка ар кандай спорт оюндарынын киргизилип жатышы, айласыздан кайсыдыр бир спорт боюнча кыргыздын да салымы бардыр деген ойго жетеленесиң. Бул маселенин бир жагы болсо, экинчи өңүттөн - спорт таймашы башынан эле аскердик машыгуу менен көңүл ачып, эс алуу үчүн өткөрүлгөн ийрим болгон. Эгер, биз кыргыздарда олимпиада сыяктуу спорт оюндарынын мелдештери өткөрүлүп турганбы деген суроого ушул өңүттөн жооп издесек, анда кыргыздар да спорттук таймаштарды өткөргөн десек жаңылбайбыз.

Жазма булак маалыматтарына караганда орто кылымдагы кыргыз каганатында майрамдык салтанаттар арбын өткөрүлгөн. Кытай, араб жана перс булактарында камтылган даректердин бир жактуулугуна карабастан, алардын көмүскө маанисине ылайык кыргыз каганатында да спорттук таймаштар өткөрүлгөн деп айтууга негиз бар. XI к. автору Гардизинин жазганына ылайык кыргыз калкы жылдын бир мерчемдүү мезгилинде чогулушуп, майрамдык салтанат өткөрүшкөн. Үйрөтүлгөн арстандар калктын көңүлүн ачып, эр жигиттер ат үстүндө чавандестик өткөрүп көрсөтүшкөн.

Жазма булактын контекстине караганда ошол кезде эле кыргыздар ат чабыш жана төө жарыштарды өткөрүшкөн. Ат чабыш оюну азыркы олимпиадалык таймашка киргизилбегени менен анда ат жүрүшү конкур сыяктуу түрлөр боюнча мелдеш өткөрүүлөрү белгилүү. Демек, орто кылымдагы кыргыздар да ат оюнунун түрлөрү боюнча машыгышып, өнөрүн өркүндөтүшкөн.

Жазма булак маалыматтарына ылайык орто кылымдагы кыргыздар тайманбас жоокер калк болгон. Алар жасаган согуш куралдарына коңшулары суктанышып зор суроо-талап менен сатып алып турушкан. Демек, кыргыздар согуш өнөрүн өздөштүрүш үчүн жан үрөп машыгышкан. Жамбы атышып, балбандар күрөшүп денелерин чыңдашкан.

Жогоруда кыскача келтирилген мисалдардын өзү, кыргыз коомчулугунда олимпиада сыяктуу масштабдуу спорт мелдештери болбогону менен орто кылымдан тарта эле кыргыз калкы спорттун ар кыл түрү боюнча таймаш өткөрүп келгендигин айгинелейт.
XS
SM
MD
LG