Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:35

НАТО МЕНЕН АКШ ООГАНСТАНДАГЫ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООДО КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛЫШПАЙТ


Төрөкул Дооров, Москва. (Torokul Dorov, Moscow) Ооганстанда ушул жылы өтө турган президенттик шайлоонун мөөнөтү жакындаган сайын, Түндүк Атлантика альянсы жана Эркиндик операциясын өткөрүп жаткан АКШнын башчылыгындагы коалиция күчтөрү карама-каршы максаттарды аркалап келишкендиги айкын болуп олтурат. Экөөсү тең Ооганстандагы демократиянын келечегине тынчсызданып, алдыдагы шайлоолордун акыйкат өтүшүнүн зарылдыгын белгилешет. Ошол эле учурда, бири да шайлоодо коопсуздукту камсыз кылуу милдетин өз мойнуна алууну каалабайт. Коопсуздук маселесиндеги түшүнүксүз абалды эске алышкан Эларалык уюмдар ооган жергесиндеги негизги саясий иш-чарага байкоочуларын жибербөө аракетинде.

НАТО менен АКШ жетекчилигиндеги коалиция ооган жергесинде шайлоого чейин жана анын учурундагы коопсуздукту толук көзөмөлгө алуу милдетин Ооганстандын аскерий күчтөрүнө жана полицияга жүктөп коюшкандан кийин, Европа биримдиги менен Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму шайлоого аттанышкан байкоочуларынын санын кескин кыскартып салышты.

Генерал – майор Эрик Олсон ооган жергесинде өткөрүлүп жаткан Эркиндик операциясынын тушунда 18 000 солдатты карамагына алган топту башкарат. Анын айтымында, АКШнын жетекчилигиндеги коалиция күчтөрү коопсуздукка жалпысынан эле көз жүгүртүп турушмакчы.

- Коалиция 5 000 шайлоо участкасын өзү толук көзөмөлгө албайт. Бул ишти коалиция Ооганстандын улуттук аскерий күчтөрү жана улуттук полициясы менен биргеликте аткармакчы. Шайлоо чөлкөмдөрүндөгү коопсуздук маселесине, ооган өкмөтү менен коалиция ортосундагы келишимге ылайык, Ооганстандын улуттук полициясы жооп берет. Ал эми участкалардын айланасында сактыкка көзөмөлдү Ооганстандын улуттук армиясы жана коалиция көз салып турмакчы, - дейт генерал – майор Эрик Олсон.

Анын ишениминде, коалиция күчтөрү менен Ооганстандын укук коргоо органдары регионалдык борборлордо орун алган шайлоо чөлкөмдөрүндө коопсуздукту камсыз кылууда биргеликте аракеттенишсе болот.

Бирок НАТОго тиешелүү күчтөр коопсуздукка жооп беришкен өлкөнүн түндүк бөлүгүндө ырасмий жетекчиликтин өкүлдөрү бул өңдүү кызматташтыктын мүмкүндүгүн такыр четке кагышат.

Марк Радкивикс - франциялык чиновник. Ал НАТОнун тушундагы эларалык коопсуздук жана жардам тобунда аскерий пландаштыруу үстүндө эмгектенет. 11-август күнү Кабулда өткөн маалымат жыйынында Марк Радкивикс “НАТО шайлоо урналарын ташып, жеткирүү ишине катышпай тургандыгын” билдирди.

“Биримдик, негизинен, башкы кыйроолорго жол бербөө үчүн гана иштемекчи. Ошондуктан байкоочулук жүргүзүп гана турат. Ал эми калган милдет 13000 аскери бар Ооганстандын улуттук Армиясына жүктөлөт” дейт франциялык чиновник.

Эларалык Коопсуздук жана Жардам тобунун жаңы башчысы Жин Луи Пии шайлоонун эркин жана акыйкат өтүшүнө анын уюму толук кепилдик болуп бере албай тургандыгын айтат.

Америкалык генерал Олсондун айтымында, террористтер бул жолу шайлоонун өтүшүнө жолтоо кылуу максатында баалуу обьекттерге кол салуулары ыктымал.

- Менин оюмча, душман ушул тапта каттоону өткөрүп жибергендиги үчүн зээни кейип турат жана эми өтө катаал аракеттерге барууга да даяр. 9-октярь – ооган президентин тандоо күнү жакындаган сайын биз түрдүү коркунучтарга даяр болушубуз керек деп ойлойм, - деп эскертет генерал Олсон.

XS
SM
MD
LG