Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Хератта салгылаш уланууда


Ооганстандын бул калаасындагы аба майданын ооган өкмөтүнүн аскерлери кайрадан колго алышты. Хераттын губернаторунун аскерлери менен ага атаандаш кол башчынын жоокерлери ортосундагы салгылашты басууда бул аба майданы чоң мааниге ээ. Америкалык офицерлер машыктырган 1 жарым миң аскер Хератта жайгаштырылууда. Коргонуу министринин өкүлү Захир Азиминин билдиришинче, Хератта губернатор Исмаил Хан менен атаандаш колбашынын аскерлеринин ортосундагы салгылашта жума күндөн бери 22 киши окко учту. Кандагардагы салгылашта болсо ооган аскерлери алты талибанды өлтүрүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG